Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Акан Иманов, Бишкек Бишкек шаарында бир ай жашаш үчүн орточо канча каражат керек? Бүгүнкү күндө өлкө тургундарынын орточо айлык акысы 3057 сомду түзүүдө, аларга бул каржат жетеби, деги эле шаар тургундары айына канча акча сарпташат жана сарптагылары келет?

Жума уулу Азат 16 жашта. Ал келечекте темир ширеткич кесибинин аркалоо максатында №4 лицейде билим алып келет. Менин досум жана курсташтарым акча жагынан аябай кыйналышууда, жумуш издейли десек окуубуз калып калат деп төмөндөгүлөргө токтолду:

- Менин досум Кыргызстандын чет жагынан келген, азыр бирге окуйбуз. Үйү алыс болгондуктан ал акча жагынан аябай кыйналууда. Биз окуган №4 лицейдин студенттеринде да ошондой эле көрүнүш,

Азат өзү окуган лицейдин жатаканасында жашайт экен. Кээде азык-түлүк алганга да каражат жок болуп калат деп ал сөзүн аяктады.

Азыркы тапта өлкөнүн жогорку жана орто окуу жайларында бюджеттик негизде окуган студенттердин стипендиясы 300 сомдун тегерегинде. Биз аларга кайрылганыбызда, бир ай жашаш үчүн аз дегенде миң сом керектейбиз деген пикирлерин билдиришти:
-
Атым Анвар. Бир ай жашаш үчүн миңден эки миңге чейин каражат керек. Ал эми стипендиябыз болсо 270-300 сом, ал деле эч нерсеге жетпейт. Алган стипендиябыз бир жолу ашканада тамактансак эле түгөнөт.

-
Айнура Омуралиевамын. Үй бүлөлү адамдар мамлекет берген акчага жашай албайт. Ал үчүн өздөрүнүн жеке бизнеси болуш керек. Же болсо айлыктары он миң сомдон көп болууга тийиш. Негизинен канча акчаң болсо деле жеткирсе болот, бирок кыйналып каласың. Ал эми үйбүлө кура элек адамга 6000 сом жетет деп ойлойм.

- Атым Эдил. Жөн эле окууга болсо эки миң сом, ал эми буюм, тамак-аш менен кошо үч-төрт миң кетет деп ойлойм. Окуу жайы жакын жатаканада жашаган досторум айына миң сомдой коротушат.

Азыркы тапта биринчи категориядагы мугалимдердин айлык акысы 450 сомдун тегерегинде болсо, тоо-кен ишканаларында иштегендердин айлыгы 10 мин сомдун ар жак бер жагына барат экен. Ушул сыяктуу эсептөөлөрдүн жыйынтыгында өлкөдөгү орточо айлык акы 3057 сомду түзүүдө. Бул суммадагы акча бир үй бүлөнүн кийим кече, азык-түлүгүнө жетеби? Жетпесе керек, себиби, азыркы тапта ар бир адамдын бир айлык керектөөсү 2800 сомду түзүүдө.

Бүгүнкү күндөгү экономиканын абалын, согуш маалындагы менен салыштырса болот дейт экономист Айылчы Сарыбаев:

- Мурун иштеп турган ишканалардын баары токтоп калды. Өзгөчө өнөр жай өдүрүшүнө өтө чоң зыян келтирилди. Азыркы абалды согуш кези менен да салыштырса болот,

Минималдык керектөө 2800 сомду түзүп жатканы менен министрликтеги кызматкерлердин орточо айлыгы 1500-1900 сомдун тегереги, ал эми эл аралык жана бейөкмөт уюмдарда иштегендердин акысы 100-700 долларга чейин барат.

Эки уулдун атасы Нурлан Бишкектеги мекемелердин биринде кароолчу болуп эмгектенип, айына 2 жарым миң сом айлык алат. Жок эле дегенде төрт-беш миң болгондо жакшы болмок дейт ал.

- Эки жарым миң сом айлыгым эч нерсеге жетпейт. Ундун баасы эле бир жарым миң сом болуп жатпайбы. Андан тышкары кант, чай, май дегендер бар. Анан кыргыздарда алымча, кошумча берип аралашуу салты бар эмеспи, ошо менен эч нерсеге жетпейт. Жок дегенде төрт-беш миң сом болсо, тыгынчык болмок деп ойлоп турам.

Минималдык керектөө азыркы тапта 2800 сомду тузүүдө, демек үй бүлөнүн ар бир эмгекке жарамдуу мүчөсү бул суммадан жогору болгон айлык алышы керек.
XS
SM
MD
LG