Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

«ДАСТАН» ЧАТАГЫ: КИМ КАРШЫ, КИМ МАКУЛ?


Мурдагы “Физикалык приборлор” азыркы “Дастан” трансулуттук корпорация акционердик коомунун эмгек жамааты ушу тапта бейпайга түшүп турган чагы. 26-октябрда “Дастан” акционердик коомунун директолрлор кеңешинин чечими менен башкармалык жетекчиси Каныбек Табалдиев кызматынан алынып, ордуна мурдагы депутат Улукбек Ормонов дайындалган. Бирок да эмгек жамааты мындай чечимге нааразы болуп, ири ишкананын биртоло токтоп калуу коркунучу алдыда турат.

Директорлор кеңеши менен завод башкармалыгынын ортосундагы келишпестик “Дастан” акционерик коомунун 30 миллион сомунун “Дастан Инжиринг” компаниясынын эсебине которулушунан улам чыкканын “Росиндустрия” жоопкерчилиги чектелүү коомдун жетекчиси Альберт Касьяненко момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрдү.

- Иш жүзүндө башкармалык жетекчисинин орду атасынан баласына өткөнү сезилип эле туру. Акцияларды сатып алууда кандай ойдо болушканын мен билбейм, бирок да акционерлердин быйыл өткөн жылдык жыйынында ревизиялык комиссия шайланбаганы ачыкка чыкты. Ошентип бир маселе жабык калды. Мамлекет болсо 37% ашуун акцияга ээ. Анын ыйгарым укуктарын Мамлекеттик мүлк комитети башкарат,- дейт "Росиндустрия" жоопкерчилиги чектүү коомдун Альберт Касьяненко.

“Росиндустрия” жоопкерчилиги чектүү коому “Дастан” трансулуттук корпорациянын 17% ашуун акцияларына ээлик кылат. Бул өкмөттөн кийинки эле акциялардын ири ээси дегенди түшүндүрөт. Кыргыз фондулук биржадагы ортомчулук кызмат аткарган “BNC Finance” инвестициялык компаниянын жетекчиси Тилек Эралиев “Дастан” акционердик коомундагы чатактуу иштин чоо-жайын момундайча түшүндүрдү.

- Бул иштер сентябрь айында башталган. Сентябрда кызыкчылык заем берилген. Ошон үчүн ушундай чатактар чыгып жатат. Менин оюмча, чатак менеджменттен чыгып жатат.

Ал эми “Дастан Инжиринг” компаниясынын жетекчиси Аскар Даминов ушу тапта “Дастан” акционердик коомуна кине катары тагылып жаткан 30 миллион сомдук кредит мыйзам негизинде берилгенин, тек бул иш шылтоого шыноо болуп жатканын ырастап, өз пикирин мындайча билдирди.

- Мыйзам, биздин корпорациянын уставы боюнча завод активиндеги каражаттын 10% чейинкисин биздин башкармалыктын жетекчиси мүчөлөрдүн макулдугусуз кредитке берүүгө укуктуу. 10% ашуунун директорлор кеңеши менен макулдашып бериши керек. Эгер 50% ашуун кредит тууралуу кеп болсо аны акционерлер кеңеши чечиши керек.


Мындан келди, “Дастан” акционердик коомунун директорлор кеңеши башкармалык жетекчиси Каныбек Табалдиевди 26-октябрда кызматтан алышы мыйзамга кайчы келери турулуу иш. Башкармалык мүчөсү Равиль Кудяковдун ырасташынча, ойдо жок жерден ишкана жетекчисинин кызматтан алынышы өндүрүштүн токтошуна гана алып келбестен, чечимге нааразы болгон менеджерлердин кызматтан кетишин шарттайт.

- Эгер ишкананы башкарып жаткан менеджерлер кетчү болсо, бул жерге 100% кепилдик бере алам, заказ эч качан келбейт. Бул бир деп коюңуз. Орусиядан комплектөөчү материалдарды ала албайбыз. Завод токтойт. Башкача айтканда, атайын техника болбойт. Калган техниканы чыгаруу менен завод өзүн-өзү бага албайт.

Башкармалык мүчөсү Равиль Кудяков азыркы бийликтин завод айланасында болуп жаткан талаш-тартыштарга салкын-суз мамиле кылып жатканына таң калганын жашырган жок.

- Бу талаш-тартыш эмнеден чыкты? Кимдир бирөөдөн “Росиндустрия” акцияларды сатып ала баштады. Байкалды-байкаган жок. Туура, биздеги экономикалык абал жакшы. Эгер биз Оролдун жанында болсок матреиал, башка жактан эч проблема болмок эмес. Биз болсо бул жерде айла жоктун ишин жасап жатпайбызбы.

Ишкананын жетекчилиги, каржы бөлүмдөрү ушу тапта бекитилип, эмгек жамааты эртеңкисинен үмүт үзүп турган кези. Өкмөт менен мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинен азырынча үн чыга элек. Баары шайлоо камылгасы менен алек болуп калды окшойт.

XS
SM
MD
LG