Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

Белгилүү доктор Жеңишбек Назаралиев 24-март ыңкылабы тууралуу көз карашын жана өлкөдөгү азыркы абал, референдумдун өтүшү, алдыда болуучу парламенттик шайлоого байланыштуу кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде ой бөлүштү.

- Жеңишбек мырза, 2005-жылдын 24-марты тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып келатат. Сиздин оюңузча мына ошол күндү чыныгы элдик ыңкылап болгонбу, же мамлекеттик төңкөрүшпү?

- Эми муну мамлекеттик төңкөрүш деп айтсак болот. Себеби, революция деп айта турган болсок, ошол эле саатта, ошол эле күнү мамлекеттик бардык институттарда реформалар жүргүзүлүшү керек эле. Билим берүү тармагында, медицинада болобу, саясий-экономикалык жактан болобу, бүт бардык жагынан революциялык реформалар болуш керек эле. Эми мына эки жарым жыл өттү, бир дагы революциялык реформа болгон жок. Экономикасынан болобу, саясий болобу, руханий жактан болобу эч нерсе өзгөрүүлөр, жаңылануу болгон жок. Баягы эле эски ыр. Мен өзүм 24-мартта активдүү катышкан болсом дагы аны мен ыңкылап деп айтууга дитим барбайт.

- Ошол 24-марттан кийин президент Курманбек Бакиев менен жолугуштуңузбу? Жолуксаңыз эмне тууралуу сүйлөштүңөр?

- Андан кийин биз эки жолу жолугуштук, биринчи жолугушууда келечектеги саясий маселелер боюнча баарлаштык. Ошол мезгилде Феликс Кулов эл оозуна алынып, аты чыгып, эл арасында түндүк-түштүк маселеси курч коюлуп, уруш чыгып кетүү коркунучу бар эле. Мен ошондо кырдаалды кандай жөнгө салыш керек, өкмөттө түндүк-түштүк жактан кадрларды тең коюу тууралуу президентке айттым да чет мамлекетке кеткем. Андан кийин бири-бирибизди түшүнүшө албай калдык. Себеби, биз жасаган бардык ишти ал кенебей, сезбей калды. Ошол учурда биз кызуу кандуулукка, эмоцияга алдырып, бардыгыбыз кыйын болуп, ачууга алдырып турганбыз. Балким ошол учурда Бакиевге катуу сөз айтып койгондурбуз. Ошентип бири-бирибиз менен табыша албай, жолубуз эки бөлөк болуп калды. Кийинки жолугушуум Бакиев менен Куловдун тандем кылгандан кийинки чогулушта болду. Мен бардым дагы, элдин, өлкөнүн тынччылыгы үчүн жасаган ишиңерди куттуктайм, деп айттым. Ошондон кийин жолугушканым жок. Өзүмдүн илимий иштерим менен алектенип кеттим.

- Ошол 24-марттка чейин жана андан кийин жаңы бийлик Кыргызстан элине берген убадаларын аткардыбы?

- Жок! Аткарган жок.

- Кийинки мезгилде сиз бийликти сындаган билдирүүлөр менен чыгып жатасыз. Буга байланыштуу сизге бийлик тараптан кысым көрсөтүлүп, коркутуп-үркүтүүлөр болгон жокпу?

- Кысым болду. Менин жанымдагы кишилерге, досторума телефон чалышып, “Докторго айтып койгула, азыр 2005-жылдын 24-марты эмес, азыр деген башка падишах отурат” деген салам дубайын мага айтышты.

- Кыргызстанды кризистен чыгарып, өнүгүүгө өбөлгө түзүш үчүн эмне кылыш керек, деп ойлойсуз? Сиздин кандай сунушуңуз бар?

- Биринчиден Конституцияны ордуна келтириш керек. Он жети жылдан бери кайра-кайра Акаев референдум кыла берип, эми Бакиев референдум кылып, алмаштыра берип тамтыгы кетти. Мындай жорукту токтотуш керек. Америкалыктар 200 жыл мурдагы Конституциясы менен эле референдум кылбай эле жашап жатышпайбы. Экинчиден акылдуу адамдарды мамлекетке кызмат кылдырып, алардын акылын пайдаланыш керек. Кудайга шүгүр кыргызда акылдуу, намыскөй, окумал азаматтар көп эле. Азыр акылдуулардан корккон заман болуп атпайбы. Бул жакшылыкка алып барбайт. Анан саясатчылар бирге отуруп, майда, жеке таарынычтарын унуткарып, кыргыз биригиши керек. Болбосо кыргыздар уруу-уруу болуп, урук-урукка бөлүнүп баштары бирикпей атпайбы. Ошон үчүн элдин руханий, духовный жагын көтөрүш керек. Элди жер-жерге, аймак-аймакка бөлбөй бириктириш керек. Биз кимбиз кыргыз? Манас мененби, Ислам мененби, Теңирчилик мененби, элди бириктириш керек. Муну чоң идеологдор элдин биримдиги үчүн иштеши керек, билиярд ойнобой.

- Мына жакында Баш мыйзам референдум аркылуу кабыл алынбадыбы. Эми жаңы Конституция менен иштеп ар кандай саясий араздашууларга чек коюлабы?

- Конституция кабыл алган бул жөн эле фикция. Эртеби, кечпи, жазындабы, жайындабы бир нерсеси чыгат. Бир күнү уруш-талаш болот. Себеби, Конституция аягына чейин жеткиликтүү иштелип чыккан жок. Ошон үчүн эртедир кечтир араздашуулар болуп, токтобой турган нерсе. Бийлик каршы чыккандарды камасын, атсын, коркутсун, баары бир ордуна келбейт. Себеби, Баш мыйзамды түп-орду менен алмаштырыш керек. А буга биздин менталитетибиз жол бербейт. Бардыгы эле өз өзүнчө президент. Өздөрүнчө кудай. Кичинекей дүкөнү бар болсо, ал жерге төө менен да барып кире албайсың.

- Жакында Баш мыйзам жана Шайлоо Кодексинин жа-ы редакциялары референдум аркылуу кабыл алынбадыбы. Сиздин баамыңызда референдум ачык, таза өттүбү?

- Мына менин апам референдумга добуш берейин деп шайлоо участкасына барса, фамилиясы жок экен. Ал эми телевидениеден көрсөтүп атпайбы, Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев шайлоо участкасына барып добуш берейин десе анын да фамилиясы жок экен. Анан ал тизмде жок экенмин деп, хи-хи-хилеп күлүп коет. Губернатор башы менен дүйнөгө шылдың болуп атат. Ошто шайлоочулардын 400 миңден ашууну бар. Ал эми Баш мыйзам менен Шайлоо Кодексин элдин 90 пайызы көргөн жок. 99 пайызы окуган жок. Референдум 90 пайыздан ашуун фальсификация менен өттү. Ошон үчүн мен ачык айтайын, мен кыргыздын баласымын, дүйнө жүзүн кыдырып көп жерди көргөн адам катары айтайын. Бул көпкө чейин барбайт. Эртең мени атып салышсын. Бирок, бүт бардык саясий ишти эл менен кеңешип кылыш керек. Бийлик элибизди урматтап сыйлап жүрүшү керек.

- Ырахмат маегиңизге!
XS
SM
MD
LG