Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

17:20 Жаш саясатчылар А. Айтикеевдин бошотулушун талап кылган акцияларды өткөрөт


Нааразылык иш-чаралар эмки жумада болот. Бул тууралуу Жаш саясатчылар форумунун мүчөлөрү Жаркынбек Касымбеков менен Адил Турдукулов “Азаттыкка” билдирди. Алардын пикиринде, бийлик оппозиция митингисине катышкандарды куугунтуктап, абакка камоо менен, мындан ары митинг пикеттерге эл чыкпасын деген ниетте “коркутуп үркүтүү амалдарын” колдонуп жатат. Буга чейинки “Канжар” жаштар уюмунун лидери Адилет Айтикеевдин бошотулушун талап кылып, эмненин негизинде айып тагылганы ачык айтылсын деген кайрылууларга бийликтен жооп болгон эмес. Ошондуктан жаш саясатчылар талаптарын пикет аркылуу жеткирүүнү көздөөдө. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG