Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

ОРУСИЯДА ЭЛДЕР БИРИМДИГИНИН КҮНҮ УЛУТЧУЛДАР КҮНҮНӨ АЙЛАНЫП БАРАТАТ


4-ноябрда Орусияда ырасмий түрдө элдик биримдик күнү белгиленет. Ошол эле жекшемби күнү өлкөнүн ордо калаасында эки «орусиялык марш» өтүүсү пландалууда. Алардан сырткары бир нече митингдер өтмөкчү. Левада борбору териштирген жыйынтык боюнча суроого жооп бергендердин 60 пайызына чукулу ал майрамды майрамдагысы келишпегенин айтышкан. Ушундай маанайда радикалдык топтордун ээн эркин көчөдө жүрүш жасап атышы бийликке керек дешет. Москвалык бийлик экстремисттик актылар боло турган болсо катуу чара көрүлөт деп убада кылды.

Маскөөдө 20-октябрь күнү улутчул такыр баш жаштар тобу жолунан чыккан орус түстүү эместерге таяк уруп, бычак шилтөөсү болгон. Андан беш киши жарадар болушуп, саха элинин кулуну Сергей Николаев көз жуумп, өзбек жигит ооруканага түшүп, жаны калып, бирок бүт өмүрү майып болуп калганы белгилүү болду эле.
Арадан он күн өтпөй Черкизов базарында да кимдир бирөөлөр үч түрк кишини мээлеп тапанчадан ок чыгарып качып кетишкен. Ок жегендердин бири ошол жерде жан берип, экөө ооруканага түшкөн. «Сова» борборунун маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын төрт эле айынын ичинде улутчулдар колунан 172 киши жабыр тартып, алардын 23 ажал табышкан. Былтыркы жылы ушул айлар ичинде улутчулдар колунан өлгөндөр 9 жана жабыр тарткандар 120 болгон экен. Мына ушундай маанай өкүм сүргөн кезде өткөрүлүп аткан элдердин ымаласын арттырууга багышталган, азыркы бийлик ойлоп тапкан майрам улутчулдардын биригүүсүн жаратып атат деп айтышат.

Өлкөдө улутчулдук маанай артып баратканын быйылкы 4-ноябрда көчөгө чыгуу каадасын утурлап, алардын түсү бурууларга жулунушу айтып тургандай. Маселен, баш калаадан майрам күнү көчөгө чыгуу уюштурамын деген 8 уюмдан арыз түшсө, алардын экөө: «Элдик союз» жана Мыйзамсыз иммигранттарга каршы кыймылы «Орус жүрүшүн» өткөрүү үчүн арыз жолдошуп, ага маскөөлүк бийликтин уруксатын алышкан. Улутчулдар жүрүшү Санкт-Петербургда да өтөт. Новосибирскиде гана жергиликтүү бийлик аларга уруксат берген эмес.
Үч жылдан бери «Орус жүрүшүн» биз жүргүзүп келебиз, деп иммигранттарга каршы күрөшүп келакан ДПНИ өкүлдөрү саясатчылардын демилгесин жеришүүдө, Ага саясатчылар өкүлү «Элдик союз» партиясынын мүчөсү, Мамдуманын депутаты Виктор Алкснис жооп айткан:

- 4-ноябрде «Орус жүрүшүн» өткөрөбүз деп арыз жазган жападан жангыз партиялык уюм бизбиз.


Адам укуктары боюнча Москвадагы бүйрөнүн деректири Александр Бродкун айтканына караганда: «буга дейре улутчулдар катарда жок топ болуп келишсе, эми алар саясий чөйрө менен табакташ болгонго дейре өсүп жетилишти». Ал эми таанымал эксперт Марат Гельман айтканга караганда, Орусия жаңы майрам ойлоп таап, бирок анын мазмунун каныктыра алган эмес:

- Мамлекет бул күндү уттуруп ийди. Менин көз карашымча бул күндү улутчулдар натыйжалуу пайдаланып атышат.


Ар кыл булактар билдиргенге караганда, бир эле Маскөөдө такыр баш улутчул топтогу жаштар эсеби 5500гө чукул. Ошондой эле улутчул такыр баштар орусиялык 85 шаарда да бар.

XS
SM
MD
LG