Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

ТҮРКИЯ ИРАКТЫН ЧЕГАРАСЫН БУЗУП КИРҮҮГӨ ДАЯР


Аким Өзгөн, Стамбул Иракка кошуна өлкөлөрдүн тышкы иштер министирлеринин кеңейтилген жыйынына катышуу максатында кечээ Түркияга келген АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс Анкарада өлкө жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Иракка кошуна өлкөлөрдүн ТИМдеринин Стамбул шаарындагы конференциясы, Бириккен улуттар уюмунун башкатчысы, уюмдун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчө өлкөлөрү жана «Чоң сегиздик» тобуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен уланууда. Бул конференцияга катышуу максатында Түркияга келген АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс айым кечее Анкарада премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган, Тышкы иштер министри Али Бабажан жана Президент Абдуллах Гүл менен өтө ургаалдуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын сүйлөшүүлөрүнүн чордонун бир гана ПКК жикчил тобуна каршы күрөшүү маселеси ээледи. Ал Түркияны дагы бир жолу Ирактын түндүгүндөгү тоолуу аймактарда базаланган күрддөрдүн ПКК жикчил тобуна каршы кандайдыр бир ири аскердик операция жасоодон карманып турууга үндөп, ошол эле учурда бул тууралуу Вашингтондун Түркия менен тыгыс кызматташтыкта болууга куштар экенин ишендирди. Бирок, ПККга каршы чечкиндүү чараларды ишке тартууну талап кылган элдин улам күчөп бараткан кысымдарынын тушунда премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкүмөтү кыйчалыш абалда. К.Райс кечее Түркиялык кесиптеши Али Бабажан менен көрүшкөндөн кийин уюштурулган басма сөз жыйынында буларга токтолду:

- Биз муну (ПКК) биздин орток душманыбыз деп, бир гана Түркиянын коопсуздугуна эмес, АКШнын таламдарына дагы туудурулган коркунуч деп эсептейбиз. Биз чалгындоо маалыматтарды алмашуу жаатында алда качан эле башталган айрым иш-чараларыбызды мындан ары күчөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүп жатабыз, бирок биз ошол эле кезде ПКК уюмуна каршы иштиктүү чара көрүүнүн планын иштеп чыгууну көздөйбүз. Бул бир гана АКШнын жана Түркиянын эмес Ирак өкүмөтүнүн дагы кошулумун талап кылат.

Түркияны Түндүк Ирактагы абалды дестабилдештирчү кандайдыр бир чоң аскердик операциядан карманып турууга чакыруусу, түрк тарапты анча канааттандырбаганы айтылууда. Али Бабажан мырза өз кезегинде мындай деди:

- Cөз кезеги бүтүп, иш кезеги келген чак. Миңдеген жарандарыбыздын өмүрү кыйылды. Биз (АКШдан) террорчулакка каршы күрөштө кызматташтыкты күтөбүз. Түндүк Ирактагы жергиликтүү күрд өкүмөтүнүн ПКК менен күрөшүүдөгү ыкласы чын экенине биз ишене албайбыз. Алардын жасаган билдирүүлөрүнөн байкалгандай, алар ПККны колдоп, жөлөмөлөп келе жатышат. Ошондуктан, бул маселеде ачкыч ролду АКШ аркалаш керек.

Мындан 10 күндөй илгери өлкөнүн түштүк-чыгыш аймактарында ПККнын согушчандарынын буктурмасында 12 аскер каза таап, 8 аскер качырылып кеткен болуучу. Парламент, чегаранын аркы жагына аскер жиберүү боюнча өкмөт сунуш кылган мыйзам долбоорун жактырып, Ирак менен болгон чегара боюндагы 100 миң аскер өкүмөттүн буйругун гана күтүп турган учур…

Премьер-министр Режеп Эрдоган 5-ноябрь күнү Вашингтондо Президент Жорж Буш менен көрүшөт. Айрым байкоочулардын болжошуна ылайык, Буш - Эрдоган көрүшүүсү бир гана ПККга каршы күрөш маселесинде эмес, жалпысынан Америка-Түркия байланыштарында бул же тигил мааниде бурулуш учур болуп калышы ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG