Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

13:20 Жабык имараттардагы үчүнчү Азия оюндары 2009- жылы Вьетнамда болот


3-ноябрда кечинде Макаодо жабык имараттардагы Экинчи Азия оюндарынын жабылыш аземи болду. Бул оюндарда спорттун 25 түрү боюнча мөрөй талашууга Азия аймагындагы 32 мамлекеттин командасы катышып, командалык баш байгени кытайлык спортчулар жеңип алышты. Экинчи орунду тайланддык спортчулар ээледи. Гонконг үчүнчү, Түштүк Корея төртүнчү орундарды камсыз кылды. Борбор Азиядан Казакстан өлкөсү бешинчи орунду ээлеп, алар 9 алтын, 20 күмүш жана 13 коло медаль утуп алышты. Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында алгачкы ирет катышуу менен жабык имараттардагы Азия оюндарында 2 алтын, 5 күмүш медаль утуп алышты.
Жабык имараттардагы үчүнчү Азия оюндары 2009- жылы Вьетнамда өткөрүлмөк болуп, эстафета аларга салтанаттуу кырдаалда тапшырылды. (КМа)

XS
SM
MD
LG