Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

Борбор Азия экономикалык кызматташуу программасына кирген 8 өлкөнүн транспорт жана коммуникация министрлеринин Дүйшөмбүдө өткөн 6-конференциясында “Улуу Жибек жолун” жандантуу максатында соода жана транспорт катнашка колдоо көрсөтүү стратегиясы жактырылды. 10 жылга эсептелген стратегияны ишке ашырууга 18 миллиард ашуун доллар акча сарпталмакчы. Борбор Азиядагы 6 “транспорт өтмөгү” долбоорунун төртөө Кыргызстанга туш келет.

Адистердин ырасташынча, Азиядан Батышка ташылган товарлардын 1% жакыны гана Борбор Азия аймагы аркылуу өтөт. «Улуу Жибек жолунда» жайгашкан өлкөлөрдүн дүйнөлүк деңиз жолуна чыгуусуна ыңгайлуу шарт түзүү, Батыш менен Чыгыштын соода-экономикалык алака-катышын жакшыртуу максатын көздөгөн Азия өнүгүү банкынын Борбор Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташтык программасына кирген өлкөлөрдүн Тажикстандын башкалаасында өткөн министрлер жыйынында транспорт жана соода жүргүзүүгө шарт түзүү боюнча стратегиясы жактырылды. Буга чейин «транспорт өтмөгү» тууралуу эларалык каржы уюмдарынын каадалуу жыйындарынын дээрлик баарында кеп болгон маселе эми ишке ашырылуу алдында.

Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Нурлан Сулаймановдун ырасташынча, программага кирген 6 «транспорт өтмөгүнүн» төртөө Кыргызстан аймагына туш келет.

- Борбордук Азиядан өткөн жолдордун ичинен 6 «транспорт өтмөгү - коридорун» бөлүп чыгардык. Ошол 6 «транспорт өтмөгүнүн» төртөө Кыргызстан аркылуу өтөт. Ошол коридорлордун эң негизгилеринин бири болуп Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан автожолу, Кытай – Кыргызстан – Тажикстан автожолу жана ошондой эле Бишкек – Алматы, андан ары Орусияга кетчү жолубуз – ушулардын бардыгы негизги «транспорт өтмөгү» катары аныкталып, 18 миллирад доллардын ичинде ошол жолдордун оңдолушу толугу менен каралган.

Н.Сулайманов кыргыз-кытай темиржол долбооруна токтолуп, азырынча эки өлкөнүн өкмөттөрү Торугарт ашуусу аркылуу өтчү долбоорго токтолуп жатышканын билдирди. Бирок да, бул ири долбоордун дагы бир катышуучусу Өзбекстан Анжияндан чыкчу темир жолдун Алай өрөөнү менен Эркештам аркылуу өтүшүнө кызыкдар. Өкмөт башчынын мурунку орунбасары Базарбай Мамбетовдун айтуусунда, Өзбекстандын көжөлгөн каршылыгынан улам долбоор ишке ашырылбай келатат.

- Бул он жылдан ашып кетти. А.Акаевдин тушунда анын жакын кишилери, ошондой эле ошол темир жолду куруу боюнча мамлекеттик дирекция бар ошолор, эч нерсе жасашкан жок. Эми дирекцияга жаңы киши келип ошол кичине кыймылдатып жатат. Кыргызстандын түндүгү аркылуу темиржол салууга өзбектер макул болбой жатышат. Кытайлар болсо “силер өзбектерди макул кылган вариантты иштей баштайбыз”, деген.

Борбор Азия жана ага канатташ 8 мамлекет, 6 эларалык каржы уюмдары катышкан программа 1997-жылдан бери иштеп келатат. Он жыл аралыгында эларалык соода карым-катнашты жакшыртуу үчүн унаа каттамдарын заман талабына шайкеш келтирүү аракети көрүлүп келди. Европа менен Түштүк жана Чыгыш Азияны, Орусия менен Араб деңизи, Перси булуңун туташтыруу Ооганстан, Азербайжан, Кытайдын Шиңжан-Уйгур автоном районун, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Өзбекстандын экономикалык ыкчам өнүгүшүнө шарт түзмөкчү.

Ошондон ири стратегиялык программанын маанилүү бөлүгү эсептелген кыргыз-кытай темиржол долбоорунун ишке ашуусу чөлкөмдүк чоң мааниге ээ болууда. Базарбай Мамбетовдун айтуусунда, темиржол Аксай-Арпа аркылуу Торугартты көздөй салынса Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн экономикалык потенциалынын ачылышына чоң өбөлгө түзүлмөкчү.

- Торугарт аркылуу Кытайга чыксак Балыкчыдан Каракечеге 83 чакырым темиржол салынышы керек. Ошол Торугартка кеткен жол аркылуу Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн туташтырган темиржол салынат деген аракет болгон,- дейт Б.Мамбетов.

Ушу тапта Ош-Сарыташ-Эркештам автожолу жаңыланууда. Жакын арада бул жолдун бир бөлүгү Тажикстанга бурулуп, ал андан ары Ооганстанга узармакчы. Программага Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банк, Эларалык валюта кору, Ислам өнүгүү банкы, Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы, Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы катышууда. Айрым адистердин пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичара салкын-суз мамилеси, бажы тосмо, жүк ташып өтүү баасынын кымбаттыгы эларалык каржы уюмдарынын кызыгуусун арттырган стратегиялык программанын аткарылышын арасат калтырышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG