Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Грузияда оппозициянын митинги уланат


Тбилиси шаарында үч күндөн бери болуп жаткан оппозициянын митинги бүгүн да уланарын анын уюштуруучулары билдиришти. Митингге кечээ бир нече миң киши чогулган. Парламенттин алдына чогулган митингчилер парламенттик шайлоону ушул күздөн келерки жылдын жаз мезгилине которууну, президент Михаил Саакашвилинин кызматтан кетүүсүн жана саясий туткундарды бошотууну талап кылышууда.Кечээ теле аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө Саакашвили оппозициянын талабын четке какты. Ал ошондой эле келерки жылы күзүндө боло турган президенттик шайлоого да катышарын жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG