Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:10

Пакистанда парламенттик шайлоо жылдырылышы мүмкүн


Пакистандын премьер-министри Шаукат Азиз өлкөгө киргизилген чукул кырдаалга байланыштуу январь айына болжолдонгон парламенттик шайлоо жылдырылуусу мүмкүн экендигин билдирди. Пакистанда акыркы эки күндө 500гө жакын киши камакка алынды. Алардын ичинде мусулман лигасы партиясынын лидери Жавед Хашми жана адам укугун коргоо комитетинин жетекчиси Асма Жехагир бар.
Пакистанда Башмыйзамдын иши токтотулуп, маалымат каражаттарына катуу цензура коюлду. Өлкө борбору Исламабадга аскерлер апкелинди.
Бийликтин аракеттерине нааразы болгон оппозициялык партиялар, адвокаттар жана журналисттер бүгүн жалпы өлкө боюнча нааразылык акцияларын өткөрүүнү белгилеп жатышат. Первез Мушаррафтын чечими эл аралык коомчулук тарабынан сынга алынууда. АКШ мамкатчысы Кондолиза Райс АКШ Пакистанга берип келе жаткан каржылык жардамын токтотуу тууралуу маселени кароого даяр экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG