Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

КАЙСЫ ПАРТИЯНЫ ТААНЫЙСЫЗ?


Парламенттик шайлоого катышчу партиялардын бардыгын эле эл биле бербейт. Ошондуктан жалалабаттык тургундар шайлоого саналуу гана партиялардын катышканы жакшы деп жатышат. Партия өкүлдөрү өз кезегинде шайлоочулар партиялар менен үгүт өнөктүгү башталганда көбүрөөк таанышат деген пикирде.

Коомчулукка “Асаба”, “Ата Mекен”, “Ар намыс” ,”Ак Жол” жана Социал демократиялык партиялары белгилүү. Эксперттердин баамында, парламенттик шайлоодо негизги кармаш ушул партиялардын арасында жүрүшү мүмкүн. Өзүн коомдук ишмермин деп тааныштырган облус тургуну Максат Абдыкайымовдун пикири боюнча шайлоочулар добуш берээрде адашпоосу үчүн бюллетенге 5-6 партиянын тизмеси киргени ыңгайлуу болмокчу. Анткени, сандаган партияларды элеттиктер толук эстей ала беришпейт.

- Тууган-уруктар, байлар өзүнчө топ-топ болушуп, партия түзүп алган. Бирок, алар Кыргызстандын эч бир келечегине чоң таасирин бере албайт. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрө турган алты гана партия болушу мүмкүн,- дейт Максат Абдыкайымов.

Шайлоого катышуу үчүн Борборшайлоокомго 50 партия арыз бергени маалым. Шайлоочулар саясий партиялар менен үгүт өнөктүгү башталгандан тарта кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. “Социал-демократиялык” партиянын облустагы координатору Нурбек Касымбеков партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү тажрыйбасы Кыргызстанда калыптанган сайын улам кийинки шайлоолорго партиялардын арбын катыша баштоосу мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт.

- Он беш партия катышса деле шайлоочулар тандай билет. Өзгөчө үгүт-насаат жүргүзүү учурунда шайлоочулар өзүлөрү тандап башташат,- дейт Нурбек Касымбеков.

Саясий уюмдар саны менен эмес элге кылган кызматынын сапаты боюнча баалануусу керек. Жалалабат университетинин окутуучусу Абдилбап Мамарасулов иши менен убадасы айкалышкан партиялардын шайлоо демократиясын өнүктүрүүнү каалайт.

- Негизги маселе, бул санында эмес сапатында. Мейли коммунисттик партия келеби, мейли “Асаба” партиясы келеби, мейли “Ата Мекен” партиясы келеби элине, журтуна, Атамекенге кызмат кылган патриот жигиттердин келишин каалайм. Күчтүү мамлекет, күчтүү президент, күчтүү парламент болушун каалайм. Элдин демократиялык аң-сезимин дагы бир ирет чыңдоо керек. Бийлик менен элдин ортосундагы байланышты чыңдайбыз деп жатат. Эгер партиялар өзүлөрүнүн сөзү менен ишин айкалыштырса, анда жакшы болот,- дейт Абдилбап Мамарасулов.


Жалалабат шаарынын тургуну Уларкан Аттокурованын баамы боюнча элдин аң-сезимине компартиянын идеялары мурдатан синип калгандыктан шайлоочулар ошол партияны жакшыраак таанышат. Экономиканы өнүктүрүүгө салым кошо баштаган “социалдык-демократиялык” партия да калкка эми тааныла баштады. Жогорку Кеңешке шайлоо партиялык тизме менен жүргүзүү маселеси чечилбегенде шайлоочулар дагы эле көптөгөн саясий уюмдарга кызыга беришмек эмес деген оюн айтып берди.

- Партиялардын эмгеги сиңген эмес. Эл тааныбаган партиялар көп. Жагдайга жараша элдер партия менен иши жок болуп калды. Эми убакыт көрсөтөт. Партиялар мурунтан аракет кылыш керек болчу. Эгерде партиялык тизме менен Жогорку Кеңешке шайлоо жүрбөгөндө партиялар дагы эле кыймылдабай отура берет эле,- дейт Уларкан Аттокурова.


Ырысбай Абдраимов, Жалалабат

XS
SM
MD
LG