Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

ЖОЛБОРС ЖОРОБЕКОВ: ПАРЛАМЕНТКЕ ОППОЗИЦИЯ 40 ПАЙЫЗДАН АЗ КЕЛСЕ, ДЕМОКРАТИЯДАН ЧЕГИНЕБИЗ


Маектешкен Айданбек Акмат уулу Парламентттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, борбордук шайлоо комиссиясына арызын 50 партия берди. Саясатчылардын баамында, шайлоо жарышына катышууга алардын баардыгынын эле чама-чаркы жете бербейт. Саясат таануучу Жолборс Жоробековдун оюнча, шайлоо мыйзамы белгилеген беш пайыздык чектен ашып, парламенттен орун алууга биринчи иретте “Ак Жол”, “Ата Мекен”, “Эркиндик”, “Таза коом” партияларынын шансы чоң.

- Азыр шайлоо комиссиясына 50 партия арыз берди. Бирок шайлоого катышуу укугун алуу үчүн көптөгөн материалдык, моралдык процедуралар бар. Менин оюмча, онго жакын партия сөзсүз өтөт. Анан кийин алардын арасында канчалык потенциалдык мүмкүнчүлүгү бар, элдин арасында кандай таасири бар партиялар гана босого барьерден өтөт деп ойлойм.

- Кайсы партиялардын парламентке келүүгө мүмкүнчүлүгү бар?

- Азыр айрымдарын айтсам, биздин Кыргызстан кичинекей, капа болуп калышы мүмкүн. Бирок ошентсе да айтайын. Албетте, “Ак Жол”, “Ата Мекен”, Топчубек Тургуналиевдин “Эркиндик” партиясы, Эркебаев жетектеген “Таза коом”, ушуга окшогон 5-6 партия келиши мүмкүн.

Биз 2005-жылы партияларга орун бербей койбодукпу. Мурдагысында 15 орун партияларда бар болчу. Партиялык курулуш ошондо жайлап, бул катачылык болуп калды. Эми буюрса 100 пайыз партия менен баратканда, албетте, жакшы жактары көп. Бирок кыргыздар ушундайбыз, бөйрөктөн шыйрак чыгарып жиберебиз деген чочулоолорум бар. Мисалы менин бир канча партияга өзүмдүн симпатиям бар. Бирок алардын арасында баягы эле жегич-ичкич, баягы эле “Алга Кыргызстандын” өкүлдөрүнөн, эптеп көзүн кызартып депутат болуп, мал-мүлкүмдү сактап калайын дегендер да бар болуп атат.

- Парламенттик орундар кандай бөлүштүрүлөт деп божомолдоп жатасыз, оппозициянын шансы канчалык?

- Эгерде шайлоону нормалдуу түрдө өткөрө турган болсок, парламентке 40 пайызга жакын оппозициянын өкүлдөрү келсе Кыргызстанда абдан жакшы болот эле деп ойлойм. Эгерде биз 40 пайыздан аздатып, 80-90 пайызга чейин “Ак жол” же башка деп жиберсек, анда демократиянын башка жагына өтүп кеткен болобуз.

- Ушул моментке токтолгум келип атат. Референдумга калктын 80 пайызы катышты деп жалпы референдумдун өзүнө күмөн кетти. Анткени, калктын бир топ бөлүгү Орусия, Казакстанда жүрсө, биз баары өлкөдө жүргөндөй эсеп кылдык. Бул негизи референдумда фальцификация болду дегенге шектенүүлөргө негиз болуп берди. 16-декабрдагы ошондой көз боемочулуктар болбойт деш кыйын. Ушуга алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүш керек?

- Келгиле реалдуу карап көрөлү. 80-76 пайыз катышты дегенди туура деп ойлойм. Анткени бизде азыр так маалымат жок, бирөөлөр 1 млн. десе, бирөөлөр бир жарым, дагы бирөөлөр 300 миң дейт. Бул биздин шайлоого кандайдыр бир саясат жасай албайт. Референдумда бир шайлоо участкасында өзүм да жетекчи болуп турдум, мен андай көз боемочулуктарды байкай алган жокмун. Ар бир участкада ар бир партиянын өкүлдөрү байкоочу болуп тургандыгына байланыштуу кандайдыр бир фальсификациянын көп болушуна анча ишене бербейм. Мен таза шайлоолордун бири болот деп ойлойм.

- Бизде шайлоо партияларды ирилештирүүгө алып келип жатат. Негизинен ушундай тенденция байкалып атат. Ушул жетиштүү деп ойлойсузбу. Же каттоо органдары, юстиция министрлиги партиялардын мүчөлөрү боюнча кандайдыр бар эсеп тактык киргизип чечим кабыл алыш керекпи, же партия табигый жол менен ирелешип кетеби?

- Бул бардык дүйнөдө болуп келген процесс. Мен жогоруда айткандай, эгерде өткөнкү шайлоодо дагы партиялык тизме менен жок дегенде 30 пайызга шайланганда абдан жакшы болмок. Бирок азыр табигый түрдө баратат. Партиялардын биригиши, баш кошушу бул табигый нерсе. Анткени көп майда карлик партиялардын көпчүлүгү бир лидердин гана айланасында баш кошкондор. Азыр ушул лидерлер да бири менен бири көз караштары, партиялардын программалары жана башка жагдайлары туш келгендигине байланыштуу ирилешип атышат, бул табигый көрүнүш. Мындан коркунуч чыгарбаш керек.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG