Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54

Кыргыз-өзбек-тажик чек арасынын тогошкон жерин аныктоо боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр 22-25-октябрда Бишкекте болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө “Азаттыкка” Өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов айтып берди.

- Жакында эле үч тараптуу Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан ортосунда чегара боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Анын маңызы жана мазмуну жөнүндө айтып берсеңиз. Эмнелер жөнүндө болду бул үч тараптуу сүйлөшүүлөр?

Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунда талкууланган бирден-бир маселе 3 мамлекеттин чегараларынын тогошуу чекитинин ордун тактоо болду. Советтер Союзу учурунда союздук республикалар катары жашап атканда админстративдик чегаралардын тогошуу чекити боюнча кандайдыр бир расмий документ түзүлгөн эмес экен. Мына ошол ишти баштап, азыркы жаңы шарттарда ушул мамлекеттердин чегараларынын тогошуу чекитин тактай турган келишим түзүүгө киришкенибиз болду.

- Ушул жолугушуу мындан ары ушул чегараларды өз ара таанууда түрткү болуп береби үч тараптуу чегара маселесинин чечилишине?

- Албетте, биз ушул 3 мамлекеттин чегараларынын тогошуу чекитин таап аныктап, ошол боюнча келишим түзсөк, бул биздин 3 мамлекеттин ортосундагы чегара боюнча сүйлөшүүлөрдөгү оң натыйжа берген бир кадам болуп эсептелет. Ошол биздин мамлекеттердин чегаралары кездешкен жерин тактап, сүйлөшүүлөрдү жандандырууга түрткү берет деп эсептейбиз.

- Бул мисалы кыргыз-өзбек-казак чегарасынын тогошкон жери Жалалабат облусунан орун алды эле, бул ирет Баткен облусунун аймагынан орун алган чекит болуш керек?

- Мындай деп айтыш керек. Бул Кыргызстандын Баткен облусу, Тажикстандын Согду облусу, Өзбекстандын Фергана облустарынын жайгашкан жерлериндеги чекит болуш керек. Мына ошол чекитти таап, ошого байланыштуу болгон документтерди азыр үч тарап тең издеп, өздөрүнүн пикирин айтып, чекиттеп салууга аракет кылып жатат. Акыры тапкандан кийин ошол боюнча өзүнчө келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алабыз.

- Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жөнүндө да айта кетсеңиз. Кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чегарасын аныктоо боюнча. Мисалы, Тажикстан боюнча баштасаңыз, бул процесс кандай акыбалда туруп атат азыр?

- Азыр Тажикстан менен болгон сүйлөшүүбүз 7 жылды камтып калды. Мына ошол 7 жылдын ичиндеги жолугушуулардын натыйжасында 970 километрге чамалуу барабар болгон жердин 480 километрин тактаганга жетиштик. Ал эми кыргыз-өзбек чегарасынын 1395 километринин 1043 километрин тактаганга жетиштик. Калган жерлер боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат.

- Казакстан менен биздин чегара макулдашуу Жогорку Кеңеште ратификацияланбай турат да. Ушул эки тарап андан кийин дагы жолугушуп ушул маселе боюнча мүмкүн сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп айткандай болду эле, Казакcтандын депутаттары да келет деген. Ушул маселе кандай турат азыр?

- Ал депутаттардын ортосундагы макулдашуу боюнча менде эч кандай маалымат жок. Бирок жалпысынан алганда өзүңүздөр билесиздер, 2001-жылы бардык чегараны делимитациялоого арналган келишимге кол коюлган болчу. Казакстан аны 2003-жылы ратификациялаган. Биздин Жогорку Кеңеш ар кандай шылтоолорду айтып ушул убакытка чейин ратификациялаган эмес эле. Жалпысынан айтканда эгерде биз ошол маселени кайра козгоп карай турган болсок, анда биз жактан уттуруш бир топ болоорун эскертким келет.

- Демек, биздин улуттук кызыкчылыгы үчүн ушул келишимди ратификациялоо максатка ылайыктуу?

- Албетте, себеби бул келишимде биздин тараптын маселесин оң чечкен жерлер бар. Ошондуктан биз ошолордон ажырап калышыбыз мүмкүн, эгер бул ишти кайра козгосок.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG