Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

ТҮРКИЯ-ИРАК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ КЫРДААЛ ВАШИНГТОНДО ТАЛКУУЛАНАТ


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган дүйшөмбүдө АКШ президенти Жорж Буш менен сүйлөшүү максатында Вашингтонго барды. Анда эң башкысы – Ирак менен Түркиянын чектеш аймактарында жойлоп жүргөн күрт козголоңчуларынын чабуулун токтотуу жолдору талкууланмакчы. Анын алдында Күрстан жумушчу партиясы эки жумадан бери туткунда кармап отурган 8 түрк жоокерин бошоткону кабарланды.

Өткөн аптада эле Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Анкаранын күрт козголоңчуларынын кол салууларын ооздуктоо аракетине Вашингтон жардам берет деп убада кылган эле. Түркиядагы сапары маалында Райс айым АКШ бул максатта Анкара менен чалгындоо маалыматтары жаатында кызматташууну караштырып жатат деп кабарлаган. Түркиянын жетекчилери күрт жикчилеринин чагымчыл иштерине чыдамы бүтүп баратканын, бул маселенин тагдыры Вашингтондогу жолугушууда чечилип калышы мүмкүн деп белгилөөдө.

Анкарадагы маанайды биз менен болгон маегинде Лондондук эксперт Фади Хакура төмөнкүдөй мүнөздөдү.

-Түркиялык жетекчилер – Эрдоган менен Буштун жолугушуусунда Ирактын түндүгүндөгү күрт жикчилерине каршы аскердик операция баштоо маселеси гана бир жактуу чечилбестен, анда ошондой эле Түркия-АКШ алакаларынын келечеги да аныкталат деп басым жасоодо. Бул тууралуу түрк премьери парламентте ачык айтты жана аскербашчылар кыйыр түрдө билдиришти. Эң башкысы – түрк өкмөтү жана армия башчылары Эрдоган менен Буштун Вашингтондогу жолугушуунун жыйынтыгын күтүп, ага жараша Ирактын түндүгүнө аскерлерди киргизүү маселеси чечилет деп жатышат.

Түркия Вашингтондон - Ирактын түндүгүн башкарган Күртстан регионалдык өкмөтүндөгү таасиринен пайдаланып, чөлкөмдү байырлаган 3000дей күрт жикчилерине каршы чукул чара көрүлүшүн каалайт. Соңку бир нече апта аралыгында Ирак менен чектеш аймактардагы кол салуулардан ондогон түрк аскерлери жана катардагы жарандар набыт болуп, Анкара аскердик операция баштоого кам көрүп жатканын эскерткен. Андан бери түрк парламентинин колдоосу астында Ирак менен чектеш аймактарга 100 миңдей аскер, согуштук техника жайгаштырылды.

Айтор, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын Түркия менен Иракта бирдей күтүп жатышат. Түрк премьери Режеп Тайип Эрдоган Вашингтонго тышкы иштер жана коргоо министрлеринин коштоосунда барды. Эки жумадан бери туткундалып отурган 8 түрк жоокерин бошотуп, Күртстан жумушчу партиясы Түркия менен куралдуу тирешүүнү каалабай турганын айгинелегендей болду окшойт. Бүгүн дагы бир кабар түштү, The Independent гезити маалымдагандай, Күрстан жумушчу партиясы, же ПККнын абактагы лидери Абдулла Өжалаңдын бир тууганы Осмон Өжалаң күрт жикчилери Ирактын түндүгүндөгү согушчандарынын санын кыскартып, Иран тарапка жылдыра баштаганын билдирген.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG