Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

ГРУЗИЯДА ОППОЗИЦИЯНЫН АКЦИЯСЫ УЛАНУУДА


Грузияда оппозиция мамлекеттик мекемелерди пикеттей баштады. Митингчилер биринчи болуп ички иштер министрлигинин имаратын камалашты. Оппозициянын тарапкерлери президенттин кызматтан кетишин жана парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Бүгүн эрте менен ондогон демонстранттар, негизинен жаштар бир сааттай ички иштер министрлигинин имараты алдында пикетте турушту. Бийликтер кокус оппозиция мамлекеттик мекемелердин ишине кедергисин тийгизчү болсо тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

Оппозициянын митинги өткөн жума күнү башталган,бүгүн ага он миңдей киши катышууда. Манифестанттардын негизги бөлүгү парламент имараты алдындагы аянтта турушат. Алар баштагыдай эле президент Михаил Саакашвилинин бийликтен кетишин жана парламентке мөөнөтүнөн мурда – эмдиги жылдын мартында шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда. Коюлган бу талаптарды четке кагып, Саакашвили шайлоо конституцияда белгиленген мөөнөттө - эмдиги жылдын күзүндө өтөрүн,анда президент да, парламент да шайланарын билдирди. Мындан ары баары конституцияга, мыйзамдарга жана өлкөнүн кызыкчылыктарына ылайык болорун эскертип, Саакашвили азыркы акциялар үчүн россиялык күчтөрдү айыптады. Грузияны ал эл аралык бекем позициясы, так багыты жана таасын максаты бар өлкө катары сыпаттады.

Саакашвилинин бу сөздөрүн оппозиция лидерлери “саясий тукурук”, “көнүмүш демагогиянын көрүнүшү”, атүгүл “грузин элин басмырлоо” таризинде баалашты. Оппозициялык айрым депутаттар өз санаалаштары менен мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаганын айтышты. Мындан тышкары оппозиция президенттин кызматтан кетиши жана эрте шайлоо маселесин элдик референдумга чыгарууну сунуш кылышты.

Митингде тургандар арасынан бүгүн эрте менен 20дай адам ооруканага жеткирилди. Оппозициянын лидерлери аларга кечээ ким бирөөлөр бузулган вино берип, атайылап ууктуруп салышкан деп айтышкан эле. Бирок дарыгерлер ооруканага түшкөндөр суукка урунуп, айрымдары “баш жазмай” өнөкөтүнөн жабыркаганын ырасташты.

Оппозициянын лидерлери нааразылык акциялары өлкөнүн башка шаарларында да башталганын айтышууда. Айрым маалыматтарда Тбилисидеги митингге алгачкы күндөрү 100 миңден ашуун адам катышканы айтылат. Башка бир булактар алардын саны 50 миңдей болгонун, соңку күндөрү алардын катары суюлуп, демонстрацияга алды 10 миңдей, арты бир нече миңдей киши катышып жатканын ырасташат.
XS
SM
MD
LG