Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Пакистанда ондогон демонстранттар камакка алынды


Адвокаттардын өлкөдө өзгөчө абал жарыяланышына байланыштуу чыккан бүгүнкү нааразылык акциясын таратуу үчүн полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим таяктарды колдонду. Лахор шаарында Жогорку соттун имараты алдында бүгүн 2000дей адам жыйналган эле. Андан сырткары Карачи, Равалпинди, Мултан шаарларында да ушундай эле нааразылык акциясына чыккан бир нече адам, кабарларга караганда, полиция менен кагылыштан жаракат алды, ондогондору камалды. Өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенин Пакистан президенти Первез Мушараф өткөн ишемби күнү жарыялаган эле. Өкмөт келерки жылдын январына белгиленген парламенттик шайлоо бир жылга кийинкиге калтырылышы мүмкүн экенин ишара кылууда. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Луиз Арбур белгилүү адвокаттар, укук коргоочу активисттер кармалганына же үй камагына отургузулганына байланыштуу тынчыздануу билдирди. АКШ соңку окуялардан улам Пакистан менен аскерий чөйрөдөгү кызматташттык боюнча сүйлөшүүлөрүн токтотуп, өлкөгө багытталган бир нече миллиард долларлык жардамы кайра каралып жатканын билдирди. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс бүгүн президент Первез Мушарафты аскерий кызматын таштоого, Пакистанды Конституциянын нормаларына кайтарып, шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG