Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

7:00 10-ноябрда Бишкекте “диктатурага жол жок” деген аталыштагы иш-чара өтөрү болжолдонууда


“Мир-свет культуры” коомдук уюму тараткан билдирүүгө ылайык бир нече коомдук жана бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар Алатоо аянтында “Диктатурага жол жок”, “Диктатура өтпөйт” деген чакырык менен митинг өткөрмөкчү. “Президенттин акыркы жүрүштөрү, Башмыйзам долбоорунун эл тарабынан талкууланбай туруп, күчтөп көз боемочулук менен кабыл алынышы мамлекетте демократиянын жана жарандык коомдун жок болушуна алып келе жатат, бул өз учурунда өлкөнүн экономикасына да таасирин тийгизүүдө. Коррупция гүлдөп өнүгүп, мыйзам бийлиги жок болууда,” деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле анда нааразылык иш-чарасын өткөрүү тууралуу билдирме 1-ноябрь күнү Бишкек шаар мэриясына тапшырылганы да кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG