Бул тууралуу экс-депутат, энергетика боюнча адис Райымбек Мамыров “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда ГЭСтин курулушу акыркы он беш жыл ичиндеги жалгыз ири курулуш болуп саналат. Ал эми Камбарата-1 ГЭСинин курулушу үчүн ири суммадагы акча талап кылынат, ошондуктан, ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздерине жарыяланган сынак аягына чыкпай жатат, деп кошумчалады Райымбек Мамыров. (ZKo)