Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

МОЛДОВА ОРУСИЯ МЕНЕН МЕНЕН МАМИЛЕНИ ЖАКШЫРТА БАШТАДЫБЫ?


Молдовадан бөлүнгөн Приднестровье региону ортомчулардын долбооруна ылайык кайрадан өлкөгө биригиши мүмкүн. Бул тууралуу Молдованын президенти Владимир Воронин билдирди. “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Эуген Томиукка берген маегинде, президент Воронин сүйлөшүүлөр көңүл жылытаарлык дэңгээлде өтүп жатат деген ниетин айтты.

“Азаттык” үналгысынын кабарчысы Эуген Томиук Молдова менен Приднестровье ортосундагы он беш жылдан бери уланып келе жаткан чыр ушул тапта бир аз басаңдап калганын белгилеп, “Молдова бул маселеге карата мамилесин өзгөрттүбү?”,-деп суроо узатканда, президент Воронин сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтты:

Сүйлөшүүлөр бир орунда токтоп калды деп айта албайм. Тескерисинче, бул маселеге тиешеси бар тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда. Мен Молдова менен Орусия, АКШ, Евробиримдик, Украина жана ЕККУ ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөргө жогору баа берем. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Приднестровье регионунун келечек макамынын долбоору макулдашылды.

Президент Воронин Преднестровье маселесин Косово менен салыштырууга болбой турганын, себеп дегенде, ар бир чыр-чатактын түпкү тамыры ар башка болгонун, андыктан ар бир чырды чечүүнүн өз алдынча жолу болгонун кошумчалаган. Президент Воронин кабарчынын Молдованын тышкы саясат тууралуу суроосуна Орусия менен мамиле кайрадан жакшыра баштады деп жооп кайтарган:

Көпчүлүк үчүн кимдир бирөөнү сындоо бул өтө жеңил. Ал эми биз үчүн чындыгында кырдаал оорурак. Бир четинен үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта, Молдова Евробиримдикке кирген өлкөнүн коңшусу болуп калды. Ошол эле маалда, Молдова КМШнын мүчөсү. Бул мүчөлүктөн Молдова жакшы эле пайда көрөт. Анда эмне үчүн биз алардан баш тартышыбыз керек? Бизде жаратылыш ресурстары дагы, экономикалык мүмкүнчүлүк дагы жок. Андыктан КМШ өлкөлөрү менен жакшы мамиледе болгонубуз кубандырат. Өзгөчө Орусия Молдованын шарабына болгон тыюуну алып таштаганы жана көгүлтүр газга болгон беш жылдык келишим үчүн кубанычтамын.

Президент Воронин Орусиянын “Газпром” компаниясы менен түзүлгөн жаңы келишимге токтолуп, газды орус тарап айткан баа менен сатып алуудан башка айла жок дейт. “Евробиримдик менен Молдованын мамилесин кандай баалайт элеңиз?” деген суроого, Воронин Евробиримдикке мүчө болуп кирүү үчүн аз калганын айтты:

2005-жылы июль айында Молдованын парламенти бекиткен стратегия түпкүрүндө Евробиримдикке кошулууга багытталган. Бирок биз билебиз: бул узак жана оор жол болду. Бизде тажырыйба жок болчу, эч ким үйрөткөн эмес. Молдова план боюнча өзүнө алган милдеттемелерин аткаруу үчүн абдан тырышып аракеттенүүдө. Жакында эле, Брюсселде Еврокомиссия биздин бул аракеттерибизди кубаттады. Биз үч жылдык планды аткардык деп айта алабыз.

Жыл башында Молдованын коңшусу Румыния Евробиримдикке мүчө болуп кирген эле. Эки өлкө ортосундагы мамиле кандай нукта өнүгүп жатат деген суроого, президент Воронин “канааттандырарлык эмес” деп жооп кайтарды:

Биздин мамилелер өтө жакшы эмес. Бир нече жылдан бери топтолгон пикир келишпестиктер эми билине баштады. Кандай гана болбосун, биз коңшу өлкөлөр менен дайыма жакшы мамиледе болушубуз керек. Өз ара кызматташуудан эч ким уттурган эмес,-деген пикири менен бөлүштү “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Эуген Томиукка берген маегинде Молдованын президенти Владимир Воронин.

XS
SM
MD
LG