Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:10

10:20 Өзгөндө токойдогу өрт токтой элек


Өзгөн районундагы Кызылтоо аймагына караштуу токойдо 2-ноябрда өрт чыккан. Тилсиз жоо ошондон бери уланып, азырга дейре 100 гектардан ашуун аймакты жалмады. Чукул кырдаалдар министрлигин куткаруучулары жана жоокерлери жергиликтүү калк менен биргелешип өрттү өчүрүү аракетин көрүүдө. Бирок өрт өчүп баратып эле кайра жанууда. Шарты катаал болгондуктан өрт болуп жаткан жерге өрт өчүрүүчү атайын унаалар бара албайт экен.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG