Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

БАЙЫРКЫ ЖИБЕК ЖОЛУН КАЙРА КУРУУГА БАГЫТТАЛГАН КАДАМДАР


Борбор Азия экономикалык кызматташуу программасына (СAREC) кирген сегиз өлкөнүн өткөн аптада Душанбеде болгон жыйынында аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуунун стратегиясы макулдашылды. Он жылга мерчемделген ал стратегияны ишке ашыруу үчүн азыркы эсептөөлөр боюнча 19 миллиард долларга жакын каражат талап кылынат. Стратегияга ылайык, жаңы курулуучу жана оңдолуучу алты транспорттук коридордун төртөөсү Кыргызстан аймагы аркылуу өтөт. Жыйынга Азия өнүгүү банкы демөөрчү болгон эле. Банктын Борбордук жана Батыш Азия боюнча регионалдык директору Роберт Си (Robert Siy) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна долбоордун маани – маңызы тууралуу айтып берди.

Борбор Азия экономикалык кызматташуу программасы 1997-жылдан тарта башталган, ага азырынча аймактын Түркмөнстандан башка төрт өлкөсүнөн тышкары Кытай, Монголия, Азербайджан, Ооганстан кирет. Душанбеде, транспорт министрлеринин жыйынында жактырылган стратегия байыркы Жибек жолун калыбына келтирүүнү, бул үчүн аталган өлкөлөрдүн азыркы кан жолдорун жакшыртууну жана алардын аймагы аркылуу алты жаңы транспорттук корридор курууну карайт.

Азия өнүгүү банкынын эсебине караганда, Европа менен Кытай ортосундагы азыркы сооданын бир пайызга жетпеген өлчөмү гана Борбор Азия аркылуу өтөт. Товардын калган бөлүгү көбүнесе деңиз аркылуу ташылууда. Анткен менен банктын Борбор Азия жана Батыш Азия боюнча регионалдык директору Роберт Синин айтымында, жаңы "Жибек жолун" кайра куруунун максаты - Европа менен Кытай ортосунда товар ташууга жол ачуу эле эмес. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда белгилегендей, долбоорго катышуучу мамлекеттер андан пайда аларында:

- Бүгүн бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү – чийки зат өндүрүүчүлөр, бирок аларда өнөр–жайлашуунун, товардын башка түрлөрүн чыгаруунун мүмкүнчүлүктөрү бар. Маселен, аларда айыл-чарбасына байланышкан кайра иштетүү өнөр-жайын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жогору. Ал жолдордун айрымдарын калыбына келтирүү, жолдо жүрүү убактысын азайтуу аркылуу бир катар продукциялар боюнча бул өлкөлдөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү артат. Менимче, бул - аталган трнаспорттук стратегия берип жаткан мүмкүнчүлүк.

Азия өнүгүү банкынын регионалдык директору "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон андан аркы маегинде бул долбоордон ишкерлер, өзгөчө ага катышкан өлкөлөрдүн айыл калкы пайда табарын кошумчалады:

- Биз бүгүн көрүп жаткандай, транспорттук тоскоолдуктар, чек арадагы тоскоолдуктар бул өлкөлөрдөн чыккан товардын өздүк наркын кымбаттатууда. Маселен, коон же пахта өндүргөндөр товарын базарга чыгаруу үчүн көбүрөөк төлөөгө мажбур. Андыктан, Борбор Азия экономикалык кызматташуу программасынын, Азия өнүгүү банкынын иши - товардын кыймылындагы тоскоолдуктарды, жол убактысын азайтуу жана бул фермерлерге, башка өнүрдүүчүлөргө товарын базарга эртерээк жеткирүүсүнө, бул үчүн сарпталуучу чыгымдын азайышына шарт түзүүдө.

Ал эми стратегияда каралган пландарды ишке ашыруу үчүн, учурдагы эсептөөлөр боюнча 19 миллиард доллар каражат талап кылынат. Азия өнүгүү банкы анын жарымын сегиз өлкөнүн өкмөттөрү төлөйт деген үмүттө. Кытай, Азербайжан жана Казакстан үчүн бул анчалык кыйын эместир. Афганистан, Тажикстан, Кыргызстан болсо мынчалык акча табуу мүмкүн эместей. Азия өнүгүү банкынын регионалдык директору Роберт Си долбоордун каржы жагын мындайча түшүндүрөт:

-Мен азыр ар бир өлкө боюнча чечмелеп айтып бере албайм. Бул жолдун ар кайсы бөлүктөрүн деталдуу долбоорлорго келгенде билинет. Бирок мен жолдун кайсыл бир өлкөгө тиешелүү бөлүгү боюнча Азия өнүгүү банкы техникалык – экономикалык негиздеме даярдоо үчүн ошол өкмөт менен иштешерин айта алам. Бул наркты аныктоого жардам берет. Качан нарк аныкталганда биз жолдун ошол бөлүгү үчүн каржылоо булактарын издей баштайбыз. Анын бир үлүшү өкмөттөн. экинчиси Азия өнүгүү банкынан , дагы бири башка каржы институтунан келиши мүмкүн.

Ал эми Кыргызстандын транспорт министрин милдетин аткаруучу Нурлан Сулаймановдун айтымында, Душанбеде жактырылган стратегияга ылайык жаңы курулуучу жана оңдолуучу алты транспорттук коридордун төртөөсү Кыргызстан аймагы аркылуу да өтөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG