Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда жекшемби күнү белгиленген мамлекеттик майрам ушуну менен үчүнчү жолу өтүшү. Быйыл аны майрамдоого орус улутчулдары көп катышканы маалым болууда. Анализчилер баамында, 4-ноябрда бийлик Орусиядай көп улуттуу өлкөдө элдердин достугун бекемдетүү максатта ойлоп тапкан. Бирок ага улутчулдардын бут тосушу ал күндү элдердин касташуусуна айлантканы турат.

Дем алыш күнкү майрамда бир эле Маскөөдө көчө менен жүрүш жасаган орус улутчулдарынын катары «Азаттыктын» кабарчысынын маалыматында 5 миңге жеткен. Саны жагынан салыштыра келгенде Элдик биримдик майрамды белгилөө үчүн бийликтин уруксаты менен көчөгө чыккандар ичинен кремлдик жаштар «Биздикилерден» кийинкиси болгон.

Фашисттик улутчул–социалдык партиясы салтанат курган сайын ойнолчу барабаны кагылып, куду Гитлер менен учурашканда жасалчу оң колду ылдыйдан өйдөнү карай шилтеп учурашуу бул жүрүштөргө катышкандар тараптан көргөндөр алдында улам кайра жасалып жүрөт.

«Украина» конок үйүнүн алдында өткөрүлгөн митингде, маселен, орус улуттук-державалык партиянын лидери Александр Севастьянов азыр орус мүдөөсүн таркатуу үчүн кез келди деп айтты. Ошон үчүн «бизге жүздөгөн, миңдеген үгүтчүлөр керек. Орус мүдөөсү калктын арасына кеңири таркашы керек. Кийинки жылы ар бириң ондон аны (орус мүдөөсүн – ММ) тааныган орус улутчулун ээрчитип келсиңер» - деди.

«Бул жерде (Орусияда – ММ) баарыдан мурда орус эли жашоого тийиш. А жылуу жакка чукулдар Кавказ тоо кыркаларынан ары, Амур дайрасынын өйүзүнөн ары кетсин. Бизге алардын кереги жок»,-деди ал/

Митинг үстүндө сөз сүйлөгөн улутчул партия, кыймылдар лидерлери ачык эле Орусияда (куду Гитлер башында турган немистердин партиясындай – ММ) улуттук-социалисттик кыймыл уюштуруу демигесин да көтөрүшкөн. «Бизде жогорку максат бар – ал биздин раса, биздин эл» деген, маселен, ДПНИ лидери Александр Белов.

Ал эми «Общая газета» жазганга караганда сөз сүйлөгөндөр кай бирлери «Фашизмди жеңгенбиз - жөөтизмди да жеңебиз!» - деген ураан ташташкан. Көтөргөн ураандары да элди улуу жүрүшкө үндөө шааниде жазылган: «Орусия – орустар үчүн!» «Орус улутуна эркиндик!», «Туугандар, бул орус жүрүшү! – душманды бешбармак жасоо анын жумушу!»…

Адам укуктары боюнча уюмудун маскөөлүк бөлүгүнүн жетекчиси Александр Брод айтканга караганда, ашынган улутчулдар катарынын артып баратышына бийлик өзү күнөөлүү:

«Биздин колдо орусиялык он шаардан алынган маалымат бар. Кай бирлеринде уруксат берилген, кай бирлеринде уруксаты жок митингдер өткөн. Дээрлик бардыгында орус эместерди жерүүгө багышталган чакырык ташталды. Жөөттөргө каршы, кавказдыктарга каршы, мигрантарга каршы мүнөздөгү чакырыктар айтылды. Такыр баштар катышышты. Элеси өзгөртүлүп тартылган свастика көтөрүлдү. Фашистердей колун жапырт ылдыйдан өйдөнү карай көтөрүүлөр болду. Адам укугун коргоочулар менен улуттук диаспориялар киргизген арыздарды мурунку жылдары прокуратура көңүлгө албай койгон. Анын акыры улутчулдардын, ушул «Орус маршы» аталыштагы жүрүштөрдү уюштургандардын «кароосуз» калышын жаратты».

Орус жүрүшү биринчи жолу 2005-жылы 4-нобрде Маскөөдө өткөн. Ал жолу анализчилер аны орусиянын жаңы тарыхында биринчи жолу улутчулдардын көз көрүнөө көчөгө чыгышы деген эле.
XS
SM
MD
LG