Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

КОММУНИСТТЕР ДА БИРИГҮҮ АРГАСЫН ИЗДӨӨДӨ


Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү, экс-депутат Орозбек Дүйшеев коммунисттик партиялар шайлоого өз ара биригип чыгуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

- Кечээ күнү Борбордук шайлоо комиссиясы региондордон ала турган 0,5 пайыз тартипти өзгөртүүгө аракет жасаптыр. Мурда ар бир региондун калкынын санына жараша болсо, азыр жалпы өлкөнүн шайлоочуларынын санынын 0,5 пайызын региондор боюнча алыш керек деп айтыптыр. Бул 2 жарым миллион болсо, анын 13-14 миңден ар бир региондон алыш керек дегендей сөз болуп жатат. Бул туура чечимби?

- Бул туура. Анткени партияларды эл билеби, билбейби, партия деген жалпы элдик болуш керек. Ошондуктан бир кишинин атынан чыккан партиялар добуш ала албай калат. Кээ бир партиялардын программасы жок, бир кишинин авторитетине түзүлгөн. Ошондуктан бул чечим туура деп эсептейбиз. Демек, эл түшүнгөндөй болуп, ошол партия элге жардам береби, пайдасы барбы деген түшүнүгү болгондо гана ал партияга добуш берүү объективдүү болот.

- Кыргызстанда үч коммунисттик партия шайлоого катышууга бет алып жатканы кабарланып жатат. Коммунисттерде биригүүгө аракет барбы? Шайлоочулар адашып кетпейт деп ойлобойсузбу?

- Биз биригүүгө абдан аракет жасап атабыз. Онунда съезд болот, ошого чейин бул маселенин үстүнөн иштеп атабыз. Эл туура түшүнүшү керек. Бизде негизинен бир эле партия - Кыргызстандын коммунисттеринин партиясы деп аталат. Калган партиялардын ар бир региондо структурасы деле жок. Алардын жетекчилери бизге кошулса туура болот. Бизде ар бир облуста, ар бир райондо, айылдарда биздин структурабыз бар, алар иштеп жатышат, түшүнүшөт.

-Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG