Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

ШАЙЛООНУН ШАЙТАН ОЮНДАРЫ БАШТАЛДЫБЫ?


Айрым саясий партиялар алдыдагы парламенттик шайлоо жакындаган сайын көшөгө артындагы түрдүү оюндардын күчөгөнүнө тынчсыздана башташты. Социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы Эдил Байсаловдун айтымында, учурда Шайлоо кодексиндеги 77-беренени БШК башкача чечмелөөгө камынып, токтом даярдап коюшкан. Э.Байсалов, бул беренедеги 0,5 % шарты аркылуу кыйла партияны мандатсыз калтыруу аракеттери жүрүп жатат деген ойдо. Ал эми бийлик өкүлдөрү Шайлоо кодексиндеги эрежелер бузулбай, шайлоо мыйзам чегинде өтөт деп ишендиришүүдө.

Шайлоо кодексинин 77-беренеси алдыдагы парламенттик шайлоого аттанышкан кыйла партиянын тынчын алууда. Анда чөлкөмдөгү тизмеге кирген шайлоочулардын 0,5 пайыз добушуна ээ болбогон партиялар жарыштан четтетиле турганы жазылган. Бирок, шайлоо жакындаган сайын оюндун эрежесин өзгөртүүгө болгон камылгалар күчөгөнүн айтып, тынчсызданган тараптар пайда болду. Маселен, Социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы Эдил Байсаловдун айтымында, шайлоодогу 0,5 пайыздык чек туура эле болгон, бирок БШК Шайлоо кодексиндеги 77-беренени бир тараптын кызыкчылыгы үчүн чечмелөөгө камынып жатат:

- Азыркы учурда, акыркы эки-үч күндүн ичинде кээ бир администрациянын жетекчилери, БШКнын төрайымы бир канча мүчөлөрдү көндүрүп, ушундай бир токтом кабыл алып бергиле деп атышат. Жанагы 0,5 % облустагы шайлоочунун санынан эмес, жалпы республикадагы шайлоочулардын тизмесинин негизинде саналышы керек деп атышат. Ойлоп көрүңүздөр, мына, Ош шаарында 130 миң шайлоочу бар экен. Анан ошолордун 13 миңи бир партияга добуш бериши керек деген шарт, абдан оор. Мындай нерсе, юридикалык негиз дүйнө жүзүндө да жок.

БШКнын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков, мындай пикирлерди четке кагууда. Анын айтымында Шайлоо кодексинде бардыгы түшүнүктүү жазылган жана мыйзам бардыгынан бийик турушу керек:

- Кодексте көрсөтүлгөн гана мыйзамдар иштейт, ошол жерде жазылгандар гана болот. Эми ар ким өзү билгендей түшүнүп, ар кандай айтса өздөрү билет да, өздөрүнүн эрки. Бизде мыйзам бийик турат да.

“Ата мекен” партиясынын катарындагы белгилүү ишкер Өмүрбек Абдрахмановдун пикиринде, парламент тарагандан кийин бийлик ар кандай жардыктарын даярдап, кандай жол менен болсо дагы жеңишти камсыз кылууга бет алып калды:

- Азыркы биздин бийликте «казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса» болуп атпайбы. Бул закондорду, кодекстин бардыгын Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек эле. Жогорку Кеңешти таратып ийип, учурунда бул мыйзамдарды каратпай, азыр өз жардыктары менен өздөрү каалагандай иш кылып атышат.

“Таза коом” партиясынын төрагасы Табылды Акеровдун ырасташынча, партиялар үчүн коюлган 0,5 пайыздык чек башынан эле туура эмес болгон. “Партиялар ага да макул болуп, катуу даярдана баштаганда кайрадан оюн эрежесинин өзгөрүп кетиши мүмкүн экендиги кооптондурат”,- дейт ал:

- Шайлоонун алдында кандай оюн сунушталса, ошонун эрежелерин бузбай, бардык шайлоо процесстерин анын негизинде өткөрүш керек. Анан туруп-туруп эле эреже өзгөрүп кетсе туура эмес болот.

XS
SM
MD
LG