Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Пакистанда өзгөчө абал сакталууда. Эл аралык коомчулук өлкө президенти, генерал Первез Мушарафты мындай кадамга барганы үчүн кескин сынга алды. Кошмо штаттар Пакистан президентин демократияга тезирээк кайтууга, шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүүгө чакырды.

Пакистанда өзгөчө абал өткөн ишемби, 3-ноябрдан тарта киргизилген эле. Президент Первез Мушараф анда бул тууралуу жарыялап жатып, мындай кадамдын зарылдыгын өлкө согушкерлер менен жанкечтилердин чабуулдарынан улам кризистик абалга кептелгенин жана сот системасы башкарылбай калганына негиздеген эле. Ал эми президенттин оппоненттеринин пикиринде, Мушараф мындай чечимди атайы кабыл алды. Себеби ушул айда өлкөнүн Жогорку Соту Первез Мушарафтын президенттикке кайра шайлануусунун мыйзамдуулугу боюнча чечими чыггары күтүлүп жаткан. Кезинде бийликке аскерий төңкөрүш аркылуу келген Мушараф президенттикке өткөн айда парламент аркылуу кайра шайланган эле. Өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу Жогорку Соттун төрагасы, Мушарафтын узактан берки оппоненти Ифтихара Чаудри кызматынан бошотулду.

Ал эми эл аралык коомчулук өзгөчө абал үчүн Пакистан президентин сынга алууда. Маселен Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Мушарафты өзгөчө абалды токтотуп, демократияны мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүүгө үндөдү:

- Мен Мамлекеттик катчыдан (Кондолиза Райс) ага телефон чалып, биз шайлоо мүмкүн болушунча тезирээк өтүшүн, президент аскерий формасынан баш тартыш керектигин күтөөрүбүздү айтышын сурандым. Бул чечимге чейин биз мындай өзгөчө чаралар демократияга шек келтирерин ачык айтканбыз.

Пакистан террорго каршы күрөш боюнча АКШнын негизги өнөктөштөрүнүн бири. Андыктан, америкалык "Нью-Йорк Таймс" гезитинин жазганына караганда, өзгөчө абалдан улам Вашингтондун Исламабадга карата саясатында олуттуу өзгөрүү орун алчыдай эмес. Конгрессте көпчүлүктү түзгөн Демократиялык партия лидерлеринин президент Буштан Пакистанга берилип жаткан жардамды азыр кыскартууну талап кыларынын белгиси байкалбайт.

Пакистандагы кырдаалга БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да тынчыздануу билдирди. Ал эми Еврошаркет Исламабадга каршы чара көрүшү мүмкүн экенин эскертти. Шаркетке мүчө өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп, Нидерландия Пакистанга багытталган миллиондогон доллардык жардамын азырынча тоңдуруп койгонун жарыялады. Ал эми Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд мындай дейт:

-Пакистан президенти Первез Мушараф азыр шайлоо 15-январда өтөөрүн, эркин жана адилет болорун, ноябрь айынын орто ченине карата башкы командачылык кызматтан кетээрин, абактагы саясий туткундардын баары бошотуларын, маалымат каражаттьарына киргизилген чектөөлөр жоюларын ачык айтышы керек.

Пакистан тышкы иштер министрлиги болсо эл аралык коомчулуктун сынын четке кагып, өзгөчө абалдын киргизилиши өлкөнүн ички иши экенин белгилөөдө. Исламабадда кечээги пресс- конференция учурунда президент Мушараф баары өз калыбына келерине ишендирди:

- Биз бул таянычтарды: сот системасын, аткаруу бийлигин, парламентти оңдогондо мен аскерий формамды чечүүгө ниеттүүмүн. Мен ырашкерчилик болоруна ишендирип кетким келет. Өкмөткө,тартип коргоо мекемелерине ишеним кайтканда мунаса орнойт жана Пакистан биз келе жаткан мурдагы изине кайра түшөт.

Мушараф бир эле учурда өлкөнүн да, армиянын башчысы боло албастыгы Пакстанда соңку кездери кызуу талкууланып келе жаткан маселелерден.
Өзгөчө абал киргизилгенден кийин келерки жылдын январына белгиленген шайлоо кеминде бир жылга кийнкиге калтырылышы болжолдонуп жатты эле. Эл аралык коомчулуктун сынан уламбы, Пакистан бийликтери ал азыр убагында өтөрүн айтышууда. Анткен менен өзгөчө абал өлкөдө нааразылык акцияларын да жаратпай койгон жок. Дүйшөмбү күнү Лахор шаарында нааразылык акциясына чыккан адвокаттарды полиция ур –токмокко алып таратты. Ондогондору камакка алынды. Нааразылыка чыкандар менен полициянын кагылышуулары, Карачи, Равалпинди, Мултан, Пешевар шаарларында да орун алды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG