Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Түркиянын исламчыл өкмөтү өлкөнү исламдаштыра баштаган жокпу? Өлкө мусулмандары менен дүнүйөвий секулярчылардын саясый көзкараштарындагы айрымачылыктар эмнеде? Ислам дөөлөттөрү демократияга каршы эмеспи? Евробиримдиктин Түркияга эшик жабуусу эмнеге алып барышы ыктымал? Түркия “армян кыргынын” эмне үчүн тааныбай жатат? Ушул маселелер боюнча журналист- илимпоз Мустафа Акйол менен кабарчыбыз Амирбек Азам уулу маектешкен. Доктор Акйол Анкарада англис тилинде чыгуучу “Turkish Daily News” гезитинин башкы редакторунун орун басары.

- Июль айындагы парламенттик шайлоодо исламчыл Адилеттик жана өнүгүү партиясы атандаштарын ишенимдүү жеңгенден кийин, кээ бир талдоочулар Түркияда исламчылар эми агрессивдүү саясат жүргүзөт деген жоромолдорун айтышкан. Жаңы өкмөттүн алгачкы айлардагы саясаты ошол прогноздорду ырастадыбы?

- Мен сиздин мындай пикириңизге кошула албаймын. Себеби, ислам Түркияда эч качан агрессивдүү болгон эмес. Ырас, өлкөдө айрым агрессивдүү күчтөр бар. Алар- улутчулдар. Адилеттик жана өнүгүү партиясы курган азыркы өкмөт- исламчыл өкмөт эмес. Өкмөттү билимдүү, шариятты бекем туткан жана ислам дөөлөттөрүн баалай билген адамдар түзгөн. Алар дүнүйөбий саясат жүргүзгөнүн жана Түркиянын тарыхындагы эң евробиримдикчил өкмөт экенин эч ким тана албайт. Алар парламенттик шайлоодон кийин радикалдуу болуп кеткен жок. Күрт прблемасын, Түркия менен Батыш алакасын алсак, бул өкмөт өлкөдөгү башка партияларга, атүгүл секулярдык партияларга караганда дагы алда канча либералдуу. Түркия мусулмандары өзү түпкүлүгүндө бир кыйла байистүү эл, ал эми дүнүйөбий секулярчылар радикалдуу болушу ыктымал.

-Түркиянын мусулмандары менен дүнүйөбий секулярчыларынын айрымачылыктары эмнеде?

- Өлкөдө түрдүү элдер жашайт. Алсак, жөөт азчылыгы жана бир ууч тарса жамааты бар. Калктын 99 проценти мусулман саналат. Бирок, алардын көбү наамына мусулман. Алар ислам ибадаттарын такыба аткарышпайт. Дүнүйөбийлердин “исламчылардан” айрымасы, алар, мен байкагандан, динге жана жоолукка коомдук турмушта орун жок, дин ар адамдын купуя иши болуш керек дешет. Биз “исламчылар” деп тескеген адамдар мусулмандарга диний эркиндикти кенен берүүнү, аялдардын коомдук жайларда жоолукчан жүрүүсүн, жогорку класстардын окуучулары медреселерде окуп, андан соң университетке баруусун каалашат. Ошентип, алардын талабы негизинен диний укуктарды кеңейтүү менен байланыштуу. Өкмөт андай укукту береби же жокпу- ал башка маселе. Биз “исламчыл” деп бөлгөн адамдар чындыгында исламчыл эмес. Анткени, алар- ислам мамлекетин курууну каалашпайт. Мурда ислам мамлекетин курууну каалаган айрым бир топтор болгон. Азыр да бирин- серин адамдар бар. А жалпысынан алганда, Түркиянын ислам жамааты диний эркиндикке мамлекет кепилдик беришин каалайт.

-Түркиянын тажрыйбасынан алып караганда, ислам дөөлөттөрү демократиянын негизги принциптери менен эриш- аркак жашай алат деп ойлойсузбу?

- Албетте. Ислам- демократия менен либерализмге тынчтык жолу менен өтүүнүн мыкты үлгүсү боло аларын Түркиянын мисалында аңдап- түшүнүү мүмкүн деп ойлойм. Түркияда Евробримдикке кошулууга дилгир, европалыктардын жашоо жолоюн баалай билген, эркин экономика жана капитализм шартында бизнес кылууга шыктуу билимдүү мусулмандар өтө көп. Ырас, Түркиянын да өз көйгөйү, өз фанатиктери бар. Ошентсе да, Түркия исламды иликтеп түшүнүүдө чоң тажрыйбага ээ жана бүгүнкү заман менен, анын ичинде демократия жараяны менен ынтымакта деп ойлоймун.

- Келечекте да Евробримдиктин Франция, Германия сыяктуу айрым мүчөлөрү Түркиянын уюмга мүчө болуп өтүүсүнө каршы боло беришсе, ал эмнеге алып барышы мүмкүн?

- Түркия Евробиримдиктин мүчөсү болууга умтулууда. Бирок, өзүңүз белгилегендей, Франция президенти Николя Саркози, Германия канцлери Анжела Меркель каршы чыгышууда. Тилекке каршы, Евробиримдиктин тескери мамилеси өлкө улутчулдарын күчтөндүрүүдө. Алар биримдик ар кандай айла- амал менен өз шартын аткартып алып, эч качан Түркияны өзүнө кошпойт. Ансыз да Кипр маселесинде биримдиктин талабына көндүк. «Жок” дебесек, көп нерседен ажырайбыз дешет.

Мен франциялык досторума: Түркияны уюмга кабыл албасаңар да, мүчөлүк боюнча сүйлөшүүнү токтотпогула деп айтаар элем. Себеби, сүйлөшүүнүн жүрүп жатканы Түркия үчүн пайда. Маселе, 15 жыл ичинде Түркиянын Евробиримдикке кабыл алынуусунда эмес. Жараян 15 жылга созулса, анын шарапаты менен мыйзамдар либералдаштырып, экономикада чоң прогресс болот. Ошон үчүн, менин оюмча, биз келечекти ойлоп иш кылышыбыз керек.

- Германия фашисттик бийлик тушундагы жөөттөрдү кырууну же Холокаусту таанып, ал үчүн кечирим сурады. Түркия эмне үчүн Германия сыңары 1915- жылы Осмон империясы тушунда болгон армян геноцидин таануну каалабайт?

- Түркия эзели болгон окуяга башка көзкарашта. 1915-жылкы окуяны, арийне, Түркия трагедия деп билет. Биз ага эки жактуу чатак катары карайбыз. Түрктөрдүн айтышынча, калабада түрктөр, күрттөр жана армяндар кырылган. Көпчүлүк түрктөр ушундай ишенимде. Бирок, армяндардын айтканын дүйнө көбүрөөк кабыл алууда. Мен өзүм кимдин айтканы чындык экенин билбеймин. Бирок, биз Түркияда 1915- жылкы окуяны талкуулаганга мейкиндикти ачышыбыз зарыл. Биздин айтканыбызда натуура жактары болсо, аны оңдоп- түзөтүүгө милдеттүүбүз. Бул демократиянын жана айкындыктын зарылдыгы. Чет өлкөлөрдүн парламенттеринин өз көзкарашын таңуулаганыдан эч жардам болбойт.
XS
SM
MD
LG