Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

ДОҢУЗТОО ЖАҢГАК ТОКОЮ ӨРТТӨНҮП ЖАТАТ


Өзгөн районунун Кызылтоо айыл өкмөтүнө караштуу Доңузтоо жаңгак токою 2-ноябрдан бери өрттөнүп, азырынча 200 гектар жер күйүп бүттү. Эксперттер бул кырсыкты мамлекетке каршы диверсия деп баалашса, жергиликтүү тургундар жана өзгөчө кырдаал министрлиги жалын кокустуктан тутанган деген пикирлерди айтышууда.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Абдушарип Бекилов 2-ноябрдагы кырсык туурасында кабар аларга 4-ноябрь күнү саат 17.15те араң жеткендигин баса белгилеп, өрт тамеки калдыгынан же жагылган оттон чыгышы ыктымалдыгын, азырынча чыгымды эсептөө кыйындыгын кыйытты.

Өзгөн районунун Чаңгет айылынын тургуну Кадырбек Курманбеков быйылкы кургакчылык өрткө ыңгай жараткандыгына, ага тентек кишилер кошул-ташыл болгондугуна ичи ачышкандыгын жашырбады.

- Кээ бирлер байкоосуздан тамекисин өчүрбөй ыргытып жиберет экен, айрыкча жаш балдар ойноп өрттөп жиберет экен. Кээде токойго кирип өрттү өчүрбөй кеткендер болот экен. Ушунун кесепетинен жаратылышыбыз онтоп атканына биз өтө өкүнүп атабыз, - дейт Курманбек Кадырбеков.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Пайзылла Кенжебаев Доңузтоодогу өрттөн адам баласы жабыр тартпагандыгын, аны өчүрүү максатында куткаруучулар тобу, 800 чакты жергиликтүү калк тартылгандыгын, себеби, жалын каптаган жерлерге дөңгөлөктүү техника түгүл канаттуу вертолет, самолет баралбастыгын билдирди.

Кыргызстанда токой чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоордун башчысы, академик Биймырза Токторалиев жогорудагы окуя табигый кырсык эместигин, ал мамлекетке каршы диверсия экендигин айтты:

- Зыянды акча менен өлчөп дагы болбойт. Мен ойлойм бул жерде эгерде жаңгак терип жүргөн болгон учурлар болсо мынчалык масштабда болбойт эле. Жыл сайын жаңгак терилет, туристтер да болот. Бул жерде мамлекеттик диверсиябы деген ойго келип атам.

Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Өзгөн районунун Мырзаке айылынын тургуну Урмат Абдыкалыков кармалды. Ага Доңузтоо токоюна өрт коюп, жаратылыш байлыгын атайылап жок кылган деген айып тагылууда. Кырсык чалган район акиминин орун басары Сатыбалды Айтбаев соңку сааттарда өрт бирде өчүп, бирде жалбырттап токтобой жаткандыгын, ошентсе да, анын айланасында жашаган калк эч жакка көчүрүлбөгөндүгүн «Азаттыкка» маалымдады.

XS
SM
MD
LG