Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

7:00 Бүгүн сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү болот


Эскерүү сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгү жаткан “Атабейит” комплексинде өтөт. Бул иш чараны “Кылым шамы”, “Эркиндик үнү”, Интербилим коомдук уюмдары, жаштардын “Келкел” көз карандысыз уюму уюштурууда. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча эскерүүгө маркумдардын туугандары, жакындары да чакырылган. “Атабейит” көрүстөнүндө кыргызстандык 138 адамдын сөөгү жатат. Алардын арасында 19 улуттун өкүлү болгону айтылып жүрөт. «Эл душманы» деген жардык менен бул адамдар 1938-жылдын 5 жана 8-ноябрында Аламүдүн районундагы Чоңташ айылынын жанындагы тоо этегинде атып өлтүрүлүп, көмүлгөн. Репрессия курмандыктарынын сөөктөрү 1991-жылы табылып, кайра жерге ызаат менен берилген жана бул жайга “Атабейит” ысымы ыйгарылган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG