Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчиси Пан Ки-мун Ооганстандагы кан төгүүнү айыптады


Кечээ өлкөнүн түндүгүндөгү Багландагы жардырууда кеминде 28 киши каза тапты. Оогандын депутаттар тобу Кабулдан 150 чакырым түндүктө жайгашкан шекер фабрикасына барганда орун алган жардыруудан беш депутат, анын ичинде оппозициянын көрүнүктүү өкүлү Саед Мустафа Казими курман болду. Жараат алган 80 кишинин жарымы – делегацияны тосуп келген жаш балдар экени кабарланууда. Талибдер жанкечтинин чабуулуна тиешеси жок экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG