Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

ФЕДЕРАЛИЗМ – ИРАКТЫН БҮТҮНДҮГҮН САКТООНУН ЖОЛУ


Нажаф шаарынын губернатору Абу Гулал-федерализм Ирактын региондорун өнүктүрүүнүн эң мыкты жолу деп эсептейт. Гулалдын айтымында, Нажаф шаары Багдад берген жалчыбаган бийликтен пайдаланып, чоң экономикалык ийгиликке: өзүн өзү азык түлүк жана күйүүчү майлар менен жетерлик камсыздоого жетишкен. Гулал губернаторлук тажрыйбасы тууралуу “Эркин Европа/Азыттык” радиосунун Прагадагы башкеңсесине 6- ноябрда келгенде айтып берди.

Губернатор Абу Гулалдын айтышынча, 2003- жылы Саддам бийдиктен кулатылгандан кийин Нажаф шаары тарыхый артыкчылыгын пайдаланып, эң алды туризмди өнүктүрүүгө басым жасаган. Шиилер Нажафты ыйык тутушуп, жыл бою зыяратка келип турушат. Ошон үчүн шаарда 450дөн ашуун мейманкана, ошондой эле ресторандар менен адистешкен дүкөндөр курулган. Туризм- соода менен тейлөө тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө берип, элдин турмушу жакшырган.

Нажафтын соңку жылдардагы экономикалык өнүгүүсүн Асаад Султан Абу Гулал эң алды шаардын бийлик укугунун кеңейишинине байланыштырып, эмки максатыбыз- күйүүчү май жана азык түлүк эгемендигине жетишүү дейт:

-Буга жетүү үчүн, провинциалдык кеңеш жана жарандык администрация ирети өзүбүздү камсыздоого зарыл институттарды түзүүбүз керек. Алсак, азыр саламаттык сактоо мекемлерин, оорууканаларды, даары- дармек кампаларын куруудабыз. Башка жактан энергия жана күйүүчү майларды албас үчүн электростанция жана мунай иштетүүчү ишкана куруп жатабыз. Азык түлүктү айтсам, кудайга шүгүр, былтыр 100 тонна Амбер сортундагы күрүч өндүрдүк. Быйыл айыл чарбасынын түшүмү мол болгону турат.

Нажафтын экономикалык өсүшүнө 2004- жылдан бери аймакта чоң кагылышуулардын болбогону да оң таасир этти. Шаарды азыр радикалдуу шиит диниятчысы Муктада Садрдын тарапкерлери менен шиитердин диний партиялары контролдойт. Эки жак Улуу Аятолла Али Систанинин кадыры менен гана урушпай турат.

Губернатор Асаад Султан Абу Гулал- федерализм Ирактын башка бөлүктөрү үчүн да пайдалуу деген пикирде:

-Федерализм бир катар проблемаларды чечмек. Биз акыркы жылдары де-борборлоштуруунун кыпындай гана бөлүгүн пайдаландык. Мамлекет бизге бир аз гана автономия жана жалчыбаган каражат бергенден кийин чоң өзгөрүүлөр болду. Жергиликтүү ресурстар жана адам күчү тартыш болгонуна карабай провинция өнүгүүдө. Маселе- Ирак элинин федерализм жөнүндө түшүнүгү жок экенинде болууда.

Ирактын сунни жамааты федералдык башкарууга өтүү мунайдан түшкөн кирешени тегиз бөлүүгө жол бербейт жана өлкөнүн бөлүнүшүнө алып барат деп, ага каршы. Мунай кендери негизинен өлкө түштүгүндөгү шиит калктуу аймакта жана түндүктөгү Күрт автономиясына караштуу жерлерде жайгашкан.

XS
SM
MD
LG