Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:46

ШАЙЛООДО ЖАШТАРГА ЖОЛ АЧЫЛАБЫ?


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Жаңы Шайлоо кодексине ылайык партиялык тизмеде он беш пайыздан кем эмес орун жаштарга берилиши абзел. Бирок бул орундар башында болобу же аягында берилеби, жобосу көрсөтүлгөн эмес. Ушундан улам декабрдагы парламенттик шайлоодо күтүрөп жаштар келет деп күткөндөр аз.

Кыргызстандык жаш лидерлер чоң саясатка аралашууну көптөн бери эле эңсеп кыялданып келишет. Шайлоо кодексине киргизилген жаңы саамалыктар менен жаңы үмүттөр, мүмкүнчүлүктөр ачылгандай болгон.

Кыргызстандагы айрым саясий партиялар төбөсү элге азыноолак көрүнүп калган, тирикарак жаш лидерлерди өздөрүнө тартып, партиялардын жаш канаттары шатыра-шатман түзүлүп өнүгө баштаганы байкалган. Бирок партиянын жаш мүчөлөрү партиялык тизме менен шайланып келерине дале ишенкиребей турушат:

- Бир дагы партия тизмедеги алдыңкы саптарга жаштарды киргизбейт. Токсон депутаттын отузу аялдар болгондо, алар ар бир үч кишиден кийин турат. Ал эми жаштарга андай нерсе каралган эмес. Аларды тизменин эң акырына коюп коюшу мүмкүн. Бул жөн гана алдамчылык,– дейт “Асаба” партиясынын жаш мүчөсү Сейнис Тилетиров.

Көбүнесе партиялар тыңчыкма жаштарды жолотпойт, партиялык тизмеге төрага жетегинен чыкпагандар гана киргизилет деген пикирин “Жаңы Муун” жаштар кыймылынынын лидери Рыскулбек Жумабаев билдирет:

- Бизде жаштарга ар дайым шектенүү менен карайт. Жаштардын чыккан чыныгы лидерлер четте калышы мүмкүн. Колдон келишинче ар түрдүү манипуляциялык жолдор менен жаштардын ролун азайтканга аракет кылуу болот. Негизинен тил алчаак балдарды алышат.

Негизги саясий окуялардын чордону борбор шаарлар экени анык. Ушундан улам байкоочулар элеттик жаштар партиялык тизмеге илинип, депутат болуп шайланышы азырынча жомоктогудай эле көрүнүш экенин белгилешет. Антсе да айылдан чыккан жаш лидерлер депуттык орун үчүн ат салышаарына ишенгендер бар. Алардын бири Жалабаттагы “Кел-кел” жаштардын коомдук бирикмесинин өкүлү Бакыт Адыл уулу:

- Бизде дайыма жаштар борборлордон тандалып калат. Айыл-кыштактарда да мыктылар бар. Ар бир партия аймактардан жаштарды акылына, деңгээлине карап көрсөтөөрүнө ишенем.

Айтор жаштар 6-ноябрда жыйын куруп, партиялык тизмеде жаштарга бериле турган орунду кызуу талкуулашты. Жаштар депутат боло алабы, мындай жооптуу орунга даярбы деген суроолор, тизмедеги он беш пайыз боюнча көп сөздөрдөн улам чоңдордун күрмө-бешмантын кийип алып, чоңдор ойногон оюнга кызыгып кеттиңер деп сынга алгандар да болду:

- Бийликке умтулган жаштар менин кызыкчылыгыма туура келбейт. Чындыгында мен аларга добуш берүүгө даяр эмесмин. Мен силерге негизгинен жаштардын кызыкчылыгын ойлогула деп айтар элем. Ошондо он беш пайызбы, жыйырма пайызбы – бул нерсе маанилүү болбой калмак. Адамдар кимге кандай добуш берүүнү өздөрү эле билишмек, – деген пикирин Азамат Өзбеков аттуу жигит билдирди.

Неси болсо да декабрдагы парламенттик шайлоодо жаштарга мүмкүнчүлүк ачылганы бышык. Бул ойго “Ак жол” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Алишер Мамасалиев ынанганы менен, партиялык тизмелерди түзүү жараяндары ачык-айкын эмес экенин белгилейт:

- Мына биз жыйында ар бир партиянын өкүлдөрүнө силерде кырдаал кандай деп суроо салып сөз бердик. Бир дагы партиядан, бизде позиция ушундай, жаштар момундай болуп жайгашат деп айта алган жок. Партиялык тизмени түзүү ачык-айкын эмес, тизмелерди түзүүнү партиянын Кеңеши жана төрагасы чечет экен. Шайлоо кодексинде ушундай кемчилик бар экен.

Ошентсе да дени-карды соо коомдо, Шайлоо кодексинде ар кандай катмарлар үчүн атайлап орундар камдалбашы керек болчу деген ойду карманып тургандар да бар. Мындай пикирдеги “Эркин Муун” либерал жаштар альянсынын лидери Мирсулжан Намазалиев өз оюн төмөнкүчө негиздейт:

- Биринчиден, квота берилген катмар күчсүз, ошондуктан алар жардам берүүгө, артыкчылык көрсөтүп, көтөрмөлөөгө муктаж дегенди түшүндүрөт. Экинчиден, бул нерсе мыйзам ченемдүү жараяндарды токтотуп, ишти бузат. Анткени, партиялардын түзүлүш тарыхын карап көрсөк, көп учурларда мындай жеңилдиктер каралган эмес. Алар өздөрү коомдук пикирди билип, жаштарды аралаштыруу керек экенин туйуп, анан кошкон. Үчүнчүдөн, парламентке квота менен келген жаш адамга башкалар, акчасы бар бирок мээси жок бай балдарына жасагандай мамиле кылышы мүмкүн. Алардын сөзү салмактуу болбой, дагы башка терс көрүнүштөр орун алышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG