Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:02

А.МАЛАШЕНКО: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛГА БИЙЛИК ДА, ОППОЗИЦИЯ ДА ЖООПТУУ


Быйыл декабрда постсоветтик эки мамлекетте парламенттик шайлоолор өтөт. Орусияда Мамдумага 2-декабрда, ал эми Кыргызстанда Жогорку Кеңешке 16-декабрда добуштар берилиши керек. Кыргызстанда соңку мезгилдерде орун алган окуяларды жана өзгөрүүлөрдү “Орусиянын үлгүсүндө жасалган иш” деп баалаган ойлор байма-бай айтылууда. Биздин кабарчыбыз Төрөкул Дооровдун суроолоруна жооп берип жатып, Борбор Азия өлкөлөрү боюнча белгилүү орусиялык саясий аналитик, Москвадагы “Карнеги” Корунун эксперти Алексей Малашенко мындай ойлорго да кошула турганын айтты.

- Баары мурда болгон окуяларды эске салат. Кыргызстандагы “Ак жол” партиясы, кайсыл бир деңгээлде, Орусиядагы “Единая Россиянын” ордун ээлегенге аракет кылып жаткандай. Административдик ресурс кадимкидей колдонулуп, “Парламенттик Республика куруу” идеясынан кылчактап бара жатышканы байкалат. Бирок, менин жеке пикиримде, мында кыргыз оппозициясы өзү да күнөөлүү. Бакиевдин жеке аракеттерине, орусиялык саясий технологдорго карабай, оппозиция өзүн жакшылап көрсөтүшү керек болчу. Алардын ичинде көптөр өзүнүн эле жеке маселелерин чечүү менен алек болуп жүргөндөй түр калтырышты. Айрымдар сатылып кетти, же болбосо, президентке моюн сунгандардын тарабына өтүп алышты. Ошондуктан, авторитаризмдин күчөгөнү тууралуу сөз кылганда, буга күнөөнү эки тарап тең бирдей алышаарын белгилеп өтүү зарыл. Бир четинен, оппозиция ага туруштук бере албаганы үчүн күнөөлүү, экинчи жагынан, бийликтер да андан пайдаланышканы үчүн күнөөлүү. Бул – Кыргызстан менен Орусиянын саясий турмушундагы башкы айырмачылык, анткени Орусияда оппозицияны өтө эле орой жолдор менен жок кылып салышкан.

- Кыргызстанда парламентке шайлоо алгачкы ирет толугу менен партиялык тизме аркылуу жүрмөкчү болуп турат. Шайлоонун бул пропорционалдык системасында добуш берүүчүлөр, эң оболу, партиянын өзүнүн багыты, идеясы үчүн добуш бериши керек. Бирок буга чейин Орусияда жана Кыргызстанда колдонулган аралаш формасынын тажрыйбасы көрсөткөндөй, адамдар баары бир партиянын идеясы үчүн эмес, анын башында турган лидерлер үчүн эле добуш беришет окшойт. Сиз бүгүнкү кыргыз оппозициясында аны алдыга сүрөп, жетелеп кете турган лидер деп кимди атай аласыз?

- Мен, чынын айтсам, бүгүнкү оппозициядан даана лидерди көрө албай турам. Балким, Ө.Текебаев бул орунга татыктуудур. Анткени Ф.Кулов мен үчүн табышмак бойдон калууда. Ал сүрдүү да, акылдуу да, таасирдүү да, күчтүү да эле, бирок, эмнегедир өз күчүн толугу менен колдоно алган жок. Ошондуктан алдыдагы окуяларда көп нерсе лидердин аракеттерине, кайсыл учурда алар кандай кадамдарга бара тургандыктарына байланыштуу болот.

- Декабрдын экинчи күнүндө Орусияда парламенттик шайлоо өтөт. Сиздин божомолуңуз?

- Билесизби, Орусиядагы шайлоо кызыксыз эле өтөт, анткени баары алдын ала белгилүү болуп калган. Маселе азыр мында эмес, маселе "бийликтин партиясы канча добуш алаарында” болуп турат. Анткени “жетиштүү көлөмдө добуш топтолбой калса, кошумча бюллетендерди чыгарышат экен” деген өңдүү имиштер бар. Бул практика буга чейин деле колдонулуп келген. Анын үстүнө “Единая Россия” дебаттарга катышпай турган болду. Ошон үчүн шайлоо такыр кызыксыз болот. Бул жолу Орусиядагы парламенттик жана президенттик шайлоолор - биздеги авторитардык башкаруучулуктун жеткен чеги деп айтаар элем. Бирок бул көп узабай кыйрай баштайт. Анткени бул КПСС эмес да, азыркы партиянын артында канчалаган акча, бизнес топтордун кызыкчылыктары бар. Ал эми Орусиядагы оппозицияга мен көп ишене бербейм. Ачыгын айтканда, алар эл ичинде кеңири колдоо да таба алышпайт. Дегинкиси, постсоветтик аймакта, Украина менен Балтика боюндагы өлкөлөрдөн сырткары, калган аймакта либералдык күчтөр, эмнегедир эле, бир лидерди, падышаны, ажону издей беришет. Чыныгы либералдык баалуулуктар алар үчүн такыр эле жат көрүнүш. Орус оппозициясы өздөрүнүн арасында эле элитанын деңгээлинде иштейт, алар жөнөкөй эл ичин кыдырышпайт. Оппозиция өзү өтө алсыз.

-Кыргызстанда 16-декбарда парламенттик шайлоо кандай өтөт деп ойлойсуз?

- Шайлоодо Бакиевдин адамдары жеңип чыгат деп толук ишеним менен айтаар элем. Алар 80% тегерегинде добуш топтошот. Мындай учурда окуя катуу өнүгүп кетип, каршылык күчөсө, апрелдегидей митингдер башталып кетиши деле ыктымал. Бирок азыр оппозиция өзү да андай болооруна ишенбей тургандай.

-Алексей мырза, сиз шайлоо алдында Кыргызстандагы бүгүнкү саясий кырдаал тууралуу кандай ойдосуз?

- Чынын айтсам, демократиялык эксперименттин улам урап баратканы мени өкүндүрбөй койбойт. Мезгил өткөн сайын Акаевди көбүрөөк урматтап калат экенсиң. Мезгили келгенде, тарых ага туура баасын берет деп ойлойм. Азыр эми анын ордуна келгендер да көп нерсеге даяр эмес экени ачыкка чыгып олтурат. Ыңкылаптан кийинки олуттуу өзгөрүштөрдү жасоого убакыт талап кылынат, ага жаңы муун киришиши керек эле. Кыргызстандын трагедияларынын бири – 90-жылдардын башында либералдык баалуулуктарга сугарылып өскөн муун бүгүн баарынан көңүлү калып, башка жактарга кетип калып жатат. Эгерде бул процесс өз учурунда токтотулбаса, “жарандык коом” деген жоголуп, Кыргызстан коңшулаш мамлекеттерден эч айырмаланбай калат.

Маектешкен Төрөкул Дооров, Бишкек
XS
SM
MD
LG