Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

ТҮРКИЯ АКШны ТҮНДҮК ИРАКТАГЫ ТЕРРОРЧУЛАРДЫН ТАМЫРЫН ЖУЛУУГА ЧАКЫРДЫ


Аким Өзгөн, Түркия. Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган дүйшөмбү күнү Вашингтондо АКШнын президенти Жорж Буш менен ПКК жикчил тобуна каршы биргелешип күрөшүүнүн маселелери жөнүндө сүйлөшүү өткөрдү.

Ак үйдө көзмө-көз жана делегациялар аралык өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө Түндүк Иракта жайгашкан ПКК жикчил уюмуна каршы күрөшүүдө эки элдин ортосунда кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жаатында мунасага жетишилди. ПККге каршы күрөштүн гана эмес, америкалык-түркиялык байланыштардын дагы келечегине таасир алып келиши ыктымал бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы Түркияда оппозиция тарабынан катуу сынга алынып жаткан менен, Эрдоган Ак үйдөгү жолугушууга оң баа берди.

Өткөн айдын баштарында ПКК согушчандарынын түштүк чыгыштагы Шырнак вилаятынын тоолу аймагында Түркиянын аскерлерине буктурма коюп 12 аскерди өлтүрүүсү жана сегизин качырып кетүүсүнөн кийин, өлкөдө элдин ири толкундоолор пайда болуп, парламент, күрт жикчилдерине каршы Түндүк Иракта операция жүргүзүү тууралуу өкүмөттүн суранычын канааттандырды.

Президент Буш сүйлөшүү учурунда Түркиянын андай аракетке баруусунун алдын алуу максатында бир катар сунуштары менен тең бөлүштү. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Ак үйдө басма сөз алдында айткан сөзүндө Президент Буш: “ПКК террористтик бир уюм. Ал уюм Түркиянын, Ирактын жана АКШнын душманы болуп эсептелет” деп баса көрсөттү жана өлкөсү бул уюмга каршы күрөшүү ишинде Түркияга чалгындоо маалыматтарды бере турганын айтты. Президент Буш менен сүйлөшүү учурунда Вашингтондон бул жаатта конкреттүү кадамдарды талап кылган Эрдоган Түндүк Иракка жасалуучу аскердик операциянын максаты бир гана ПККнин согушчандарын бутага алуу экендигин баса белгиледи. Ошол эле учурда Түркия өкүмөтү операция жасоо максатынан али тая элек экенинин четин чыгарды.

“Көптөгөн маселелерде биздин көз караштарыбыздын бир орундан чыгышы бизди абдан кубандырды” ,-деди Эрдоган кийин Вашингтондогу Улуттук пресс борбордо чыгып сүйлөп. Ал ошол эле учурда террорго каршы күрөштө батыш өлкөлөрү тилекке каршы Түркияга тийиштүү жардам бермек турсун, тоскоолдук кылып келишкенин бышыктады..

“Түркиянын, мурда эч кандай майнап бербеген кандайдыр бир механизмдер жана сунуштар менен убакытты текке кетирүүгө чыдамы калган жок. АКШ жана Ирактын борбордук өкүмөтүнөн, Түндүк Ирактан башат алган террордук иш-аракеттерди биротоло жоё турган чечкиндүү кадамдарды күтөбүз”- деп билдирди Түркиянын өкүмөт башчысы.

Оппозициядагы Жумуруят Калк Партиясынын лидери Дениз Байкал Президент Буштун ПККны дагы бир жолу террор уюму катары мүнөздөөсү өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.

“АКШ дале каршылык билдирип олтурган жок. Эми өкмөт дароо кыймылга өтүп аскердик операция үчүн топчуга басыш керек. Тийиштүү шарттар жаралган абалдай эч нерсе жасай албастыктын жоопкерлигин эч бир өкүмөт көтөрө албайт. Мындан кийин боло билүүчү ар кандай бир кайгылуу окуянын жоопкерчилиги, тийиштүү кадамды шилтебеген өкмөттүн мойнуна жүктөлөт”,- деди Дениз Байкал.

Оппозициядагы экинчи партия МХПнин лидери Девлет Бахчели “Тоо чычкан төрөдү” деген бир накыл сөздү келтирүү аркылуу Вашингтондогу жолугушуудан эч кандай бир натыйжа чыкпаганын билдиргиси келди:

“Тоо чычкан төрөдү. ПКК менен күрөштө бурулуш учур болот деп жар чакырылган жолугушуу мына болуп өттү. Бирок, Түркиянын улуттук коопсуздугуна тиешелүү бир маселеде Буштун батасын алыш үчүн Вашингтонго кеткен өкмөт башчысы, издегенин таба албай, бекер убадалар жана курулай ишендирмелер менен үйгө кайтууга аргасыз калган сыяктанат”.

XS
SM
MD
LG