Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Украина, Грузия, Кыргызстанда өткөн жибек ыңкылаптарынан кандай сабак алууга болот? Алардын окшоштук, айырмачылыктары эмнеде? Парламентти маалынан эрте таратуу же анын мөөнөтүн узартуу аракеттеринин артында кандай саясий максат-кызыкчылыктар катылган? Мына ушул жана башка суроолордун тегерегинде Грузия менен Украинадан Бишкекке келишкен эксперттер ой бөлүштү.

Революциячыл Украина, Грузия, Кыргызстан ушу тапта оор сыноолорго туш келип туру. Грузиянын башкалаасында өткөн жумадан бери кылкылдаган көпчүлүк катышкан нааразылык жыйындар өтүүдө. Украинадагы парламент шайлоосунан кийин жеңишке жетишкен саясий партиялардын мунасага келиши кечеңдөөдө. 16-декабрга белгиленген Кыргызстандагы парламент шайлоого даярдыкка өтөле аз убакыт бөлүнгөн.

Украина менен Кыргызстанда парламент маалынан эрте таркатылса, Грузияда мыйзам чыгаруу бийлигинин мөөнөтүн дагы 8 айга узартуу аракети көпчүлүктүн нааразылыгын жаратып, бийлик менен оппозициянын тиреши күчөп баратат. Грузиядагы нааразылык көчө жыйындарынын арбып кетишин Демократия жана плюрализм борборунун аткаруучу директору Нино Калантаришвили момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрдү.

- Авторитардык бийлик, мен айтар элем, демократия азуусун көрсөткөн авторитардык башкаруу орноду. Азуу Батышка көрсөтүш үчүн эле турат. Ичте болсо авторитардык башкаруу системасы пайдаланылууда. Бул бийлик сот, прокуратура системасына толук көзөмөл орнотуп, маалымдоо каражаттарынын көбүн өзүнө алган. Жалгыз эркин телекөрсөтүү, көпчүлүккө толук жетпеген бирин-экин гезиттер калды.

Ажар парламентинин мүчөсү Гиорги Масалкини оппозиция талап кылган үч маселенин оңунан чечилишине грузин бийлиги кызыкдар эмес деген пикирде.

- Баары болбосо да элдин көбү көчө жыйындар аркылуу өкмөттөн үч конституциялык кадамды жасашты талап кылышууда. Жаңы Шайлоо кодекси, Борбордук шайлоо комиссиясын кайрадан түзүү жана да шайлоону өз убагында өткөрүү. Тилекке каршы, биздин мына ушул үч талап боюнча бийлик сүйлөшүүгө барбай жатат.

Украинанын Башмыйзамын өзгөртүү үчүн аркыл амал-айлаларды жасоого өткөн Улук Раданын маалынан эрте таратылышын «Биздин Украина» фракциясынын мүчөсү Рефат Чубаров мыйзамченемдүү көрүнүш катары баалады.

- Бизде авторитардык башкаруу президентте байкалбай, анча ылайык келбесе да айтайын, авторитардык стиль көпчүлүк парламентчилерде, көпчүлүктү түзгөн коалицияда байкалды,- дейт Р.Чубаров.

Украинанын Пилип Орлик атындагы демократия институтунун жетекчиси Наталия Белицер 16-декабрда өтчү Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо бардык саясий күчтөргө бирдей шарт түзүлүш керектигин баса белгиледи.

- Ар бир аймактан кеминде 0,5% добуш алуу кеpектиги жөнүндөгү шайлоо нормасы бизди таң калтырды. Бул оппозицияны тузакка түшүрүүнүн өзүнчө бир ыкмасына айланышы мүмкүн. Парламентте жалгыз бийлик партиясынын же ага жан тарткандардын үстөмдүк кылышы өтө чоң коркунуч экенин түшүнүү абзел,- дейт Н.Белицер.

Украина президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр институтунун кызматкери Юлия Тищенко коомдогу саясий күчтөр өз ара мунасага келе албаса, коомдо туруктуулук болбостугун айтып, парламент шайлоодон кийин "Муну Кыргызстан да башынан кечирет",-деп билдирди.

1917-жылкы социалисттик революциянын күнүн Бишкекте Кыргызстан коммунисттери жалындуу кеп-сөздөр сүйлөп, салтанат менен белгилешти. Жибек ыңкылапчылары азырынча андай шаан-шөкөткө жетише элек.
XS
SM
MD
LG