Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Касымалиева Аида, Бишкек. Журналисттердин кесиптик майрамына карата жогорудагы суроону “Азаттык+” телепрограммасы журналисттердин өзүнө, көрөрмандарга жана медиа эксперттерге узаткан.

Наргиза Юлдашева, “24.kg” маалымат агенттигинин кабарчысы: “Статистика боюнча биздин кесип өтө коркунучтуу. Күн сайын физикалык жактан дагы, моралдык жактан дагы менен ошондой болгонун көрүп жатам, бирок бул иш мага жагат. Коопсуздук боюнча кеп кылсак, 2006-жылдын ноябрь айындагы антимитинг учурунда бир нече депутаттар менен журналисттердин тобу Жогорку Кеңештин имаратынан чыгып баратканбыз. Күтүүсүз жерден антимитингдин катышуучулары бизге таш, бөтөлкө ыргыта башташкан. Милиция кызматкерлери деле бар болчу, бирок алар бизге эч кандай жардам көрсөтө алышкан жок.

Азиз Эгембердиев, журналист: 2007-жылдын апрель айында өткөн митинг учурунда ур-токмокко кабылып, 20 күн оорукандад жатып чыккам. Митинг учурунда эки баланы каттуу сабап калшыты, бул туурасында редакцияга кабар берейин деп, телефон чалып жатсам, арттан “кармагыла!” деген үн чыкты. Өзүм да байкабай калыпмын, он чакты адам ургулап киришти. Ошондон бери алты ай өттү, бирок мени сабаган адамдар табыла элек.

Илим Карыпбеков, “Медиа Өкүл” институтунун башчысы: Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу журналистти анын жасаган жумушу учүн өлтүрүп кетишти. Бул нерсенин көп кесепеттери бар. Сөз эркиндигине бул окуя терс таасирин тийгизбей койбойт. Эгерде Алишер Саиповдун өлтүргөндөр табылбаса, анди биз “Кыргызстанда сөз эркиндиги өнүгүп жатат, Орто Азияда эң эркин бизбиз” деп айта албайбыз. Бир жылдын ичинде биздин институт журналисттерге каршы 18 жолу ур-токмок, коркутуу болгонун каттады. Бирок бирөөсү да аягына чыккан жок. Укук коргоо органдары ар кайсы фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлуп жатканын айтып келишет. Бирок эгерде бийлик кызыкдар болсо, кандай гана кыйынчылык болбосун күнөөлүүлөрдү таап чыгат экен. Укук коргоо органдары эчтекеге жарабай калды дегенден алысымын, бирок ошол иштерди тездетиш керек да. Бирөө да ачылбады да. Коомдо журналисттер менен проблема пайда болсо, аларды уруп, токмоктоп оозун жаап койсо болот экен деген ой жашап жатат.

Олжобай Казыбаев, Ички иштер министрлигини басама сөз кызматынын өкүлү: “Журналисттердин иши” боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, алар аяктаган соң жыйынтыгын айтабыз. Милиция элдики, биз да ар бир иштин аягына чыгышына кызыкдарбыз.

Гүлшайыр Абдрасулова, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун мүчөсү: Алишер Саиповду атып кеткенден кийин, президент Конституциянын гаранты катары бул ишти өз көзөмөлүнө алды. 4 күн өткөндөн кийин эле мамлекеттик катчыбыз Адахан Мадумаров Алишер Саиповду тааныбаганын, күндө эле адамдар өлүп жатканын жана журналисттин өлүмүн биздин жарандар катуу кабыл алганын айтты. Бул эмне, президент менен мамкатчынын ортосунда коммуникациянын жоктугубу же Адахан Мадумаров бизде болуп жаткан жараяндардан артта калдыбы?

Азамат Кыязов, “Агым” гезитинин журналисти: Журналисттер коомдун санитарлары да. Ошондуктан журналисттер ачык болсо, эркин болсо, майтарылбаса, коркпосо.


Эмил Калматов, “Интерньюс” коомдук бирикмесинин жетекчиси: Массалык маалымат каражаттарына биз бир эле механизмди сунуштайт элек. Бул – редакциялык саясатты иштеп чыгуу. Мына ошондо конфликттер азайып, соттошуулар токтомок, журналисттер да соттордо женилмек эмес.

Экинчиден, Улуттук телеканал дагы да болсо бир гана бийликке баш ийет. Коомчулук, жарандык сектор жана башка саясий күчтөр дагы деле өзүнүн укугун ишке ашыра элек. Эми эле түзүлгөн Байкоочу кеңеш да иштей албай калды. Менимче Байкоочу кеңештин кээ бир мүчөлөрү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин өнүгүшүнө бут тоскон адамдар катары тарыхта калышы керек.

Рахат Сулайманов, “Кыргызстан” маалымат-аналитикалык программасынын жооптуу редактору: Мен мурда 5-канлда түз эфирде “Майдан” берүүсүн алып барчумун. Азыр Улуттук телеканалда иштейм. 5-каналда өзүм каалаган адамдарымды чакыра алат элем. Бул жерде деле ушундай. Бир гана директорго алдын ала кимди чакыраарым тууралуу маалымат берип коюу керек.

Жылдыз, студент: Кыргызстанда сөз эркиндиги жок, журналисттерди басмырлап, кордогондор көп.

Данияр, студент: Менин оюмча Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Анткени журналисттер өз пикирин толук айкын айта алышат.

Касым, студент: Журналисттер бирөөнү күнөөлөп жазаардан мурда далилдерди таап алышса.

Гульмира, ишкер айым: Биздин журналисттердин билим деңгээли төмөн экенин көп байкайм.

Алмаз, студент: Бизде сөз эркиндиги коркунучта. Мын мен мисалы үйгө келип, кечинде сыналгы көрүп отурганда бир да канал президентти критикалабайт. Баары эле ачык болобу, кыйытып болобу аны мактап өтүшөт.

“Азаттык+” телепрограммасы ар дүйшөмбү сайын кечки саат 8.35те Улуттук телеканалдан чыгат. 9-ноябрь күнү “Таанышкым келет” жана “СПИД коркунучу Кыргызстанда” деген темаларга программа тартабыз. Сиз да көрсөтүүгө катышкыңыз келсе, (0312) 66 68 17 телефон номерине чалыныз же jashtar@azattyk.kg дарегине кат жазыныз.
XS
SM
MD
LG