Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Кыргызстанда бул күндөрү сталиндик репрессиянын курмандыктары эскерилүүдө. «Эл душманы» жарлыгы тагылган кыргыз элинин ошол кездеги чыгаан уулдары, тунгуч агартуучулары 1938-жылы дал ушул күндөрү атылып, алардын сөөгү Бишкектин өйдө жагындагы Чоңташ айылына жакын жердеги бир чуңкурга чогуу көмүлгөн. Андан элүү үч жылдан соң табылган маркумдардын сөөгү 1991-жылы кайра жерге берилип, бул жай «Атабейит» деп аталган. Бүгүн ошол «Атабейит» комплексинде сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү расмиси өттү.

Эскерүү иш чарасын «Кылым шамы» укук коргоо борбору баштаган бир катар бейөкмөт уюмдар уюштурушуп, анда негизинен укук коргоочулар жана журналисттер болушту. Маркумдарга багышталган куран окулуп, алардын мүрзөсүнө гүл чамбарлар коюлган соң укук коргоочу Азиза Абдрасулова мындай окуялар эми кайталанбашы керектигин, бийликтин кемчилиги кайталанбашы үчүн ал улам эскерилип турса кийинки бийлик аны кайталабоого аракет кылаарын белгиледи:

- Бизге белгилүү болгондой ошол кезде Кыргызстанда эки миллионго жетпеген калк болсо анын 40 миңдейи репрессияга кабылыптыр. Алардын көпчүлүгүнүн аты-жөнү белгисиз. Муну мен кичинекей Кыргызстан үчүн геноцидке алпарчу окуя катары баалайм. Биз азыр өз тарыхыбызды жакшы билбей баратабыз. Мына ушул репрессия, «Атабейиттегилер» боюнча тарыхты мектеп программасына киргизип балдарыбызга окутушубуз керек. Тарыхта бийликтин кемчилиги улам-улам айтылып турса кийинки бийлик аны кайталабоого аракет кылат. Эгер ал айтылбай калса анда ушундай коркунучтуу, өкүнүчтүү окуялар кайталанып кетет деген коркунуч дайыма боло берет.

Эскерүүдө маркумдардын кандай шартта өлтүрүлүп, бул жерге кандай көмүлгөнү да айтылды. Адам укуктары боюнча президент карамагындагы комиссия төрагасы Турсунбек Акун ал окуяны мындайча эскерди

- Бишкектеги азыркы элдер ассамблеясы турган имараттын жер төлөсүндө ошол учурда НКВДнын түрмөсү болгон экен. Бул жерде жаткан аталарды ошол жерде 5-7 ноябрда түнү кыйкыртып, чыңыртып аткан деген кабар бар. Анан 8-ноябрга чейин ушул жерге алып келип баарын көмүп салган. Москвадан үч эле киши келип алардын тагдырын чечип койгон. Ал кезде адам укугу жөнүндө сөз да болгон эмес да…

Репрессия курмандыктары бул жерге көмүлгөнү 53 жылдан кийин 1991-жылы гана Бүбүйра Кыдыралиеванын маалыматынан кийин белгилүү болгон. Ага мындай окуя тууралуу ошол 37-жылдары бул жердеги чакан кыш заводунда кароолчу болуп иштеген атасы өмүрүнүн акырында айтып кеткен экен. Бүбүйра Кыдыралива аны Кыргызстан эгеменедик алган соң гана ачыкка чыгарган соң анын айтуусу боюнча маркумдардын сөөгү табылып, кайра ызаат менен жерге берилип, Ата бейит комплекси тургузулган. Кийинчерээк 2000-жылы Ата бейит музейи курулган. Музейдин кызматкери Равиль Касымов бул жерден 138 адамдын сөөгү чыкканын, бирок акыркысынын аты-жөнү белгисиз экенин айтат.

- Бүбүйра Кыдыралиеванын айтуусу боюнча казганда бул жерден 138 адамдын сөөгү чыккан. Алардын 137синин аты-жөнү белгилүү болгон. 138-болуп бул жерден аялдын баш сөөгү жана бут кийими табылган. Ошентип алардын арасындагы жалгыз аялдын аты-жөнү белгисиз бойдон калууда. Бул жерде 20 улуттун өкүлдөрүнүн сөөгү жатат. Алардын эң көбү 45 кыргыз, 36 уйгур, калганы ар кайсы улуттардан.

Биз «Ата бейиттен» маркумдарды эскерүүгө өз алдынча барган «Туран» партиясынын өкүлдөрүн да жолуктурдук. Аталган партиянын тең төрагасы, Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары Тайырбек Сарпашев бул инсандардын тарыхындагы орду зор экенин белгиледи:

- Мамлекетибизди негиздеген аталарыбыздын атылып, бул жерге көмүлгөнүнө 70 жыл болуп калыптыр. Биз аларды эч качан унутпашыбыз керек. Алардын айрымдарына социал «Туран» партиясынын мүчөлөрү деген айып тагылган. Биз 3 жыл мурда «Туран» партиясын кайра жандантып, ата-бабаларыбыздын керээзи жерде калбасын, мамлекетибиз күчтүү болсун деген идея менен чыкканбыз. Бул инсандардын мамлекет үчүн, эл үчүн жасаган эмгеги зор.

Бул инсандардын эл душманы жарлыгы менен атылып, бул жерге көмүлгөнүнө эмки жылы ушул күндөрү жетимиш жыл толот. Алардын арасында кыргыз мамлекетинин алгачкы жетекчилеринин бири Жусуп Абдрахманов, кыргыздын тунгуч агартуучусу Касым Тыныстанов баштаган ошол кездеги кыргыз интеллигенциясынын мыктылары бар.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG