Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Бүгүндөн баштап Грузияда 15 күнгө өзгөчө кырдаал абалы киргизилди. Адегенде чукул кырдаал абалы башкалаада 48 саатка жарыяланган. Шаршемби күнү Тбилисиде коопсуздук күчтөрү антиөкмөттүк демонстрациянын миңдеген катышуучуларын күч колдонуп таркаткан эле. Президент Саакашвили Орусиянын коопсуздук кызматтарын грузин өкмөтүнө каршы кутумчулук кылды деп күнөөлөп, орус элчилигинин үч кызматкери Грузиядан чыгарыла турганын билдирди. Грузиянын Москвадагы элчиси Тбилисиге масилeтке деп чакырып алынды.

Бүгүндөн тарта Грузияда 15 күнгө чукул кырдаал абалы киргизилди. Бул жөнүндө өлкөнүн экономикалык өнүгүү министри Гиоргий Арвеладзе түн ортосунда маалымдады. Адегенде Тбилисиде президент Саакашвилинин жарлыгы боюнча чукул кырдаал абалы киргизилгенин премьер- министр Зураб Ногаидели улутук телеканалдан билдирген:

-Президент атайын жарлык чыгарып, Тбилисиде чукул кырдаал абалын киргизди. Башмыйзамга ылайык, жарлык 48 саат ичинде парламентке бекитүү үчүн берилет. Демонстрация жана манифестация өткөрүүгө, ошондой эле көтөрүлүшкө, зобун- зордукка жана маалымат каражаттарында өкмөттү кулатууга чакырууга убактылуу чектөө салынды.

Ногаидели өз сөзүндө “өкмөттү төңкөрүү аракети болгонун” да кошумчалады. Шаршемби күнү таң эртең грузин полициясы Саакашвилини бийликтен кетүүгө чакырган элди көздөн жаш агызуучу газ, желим ок атып жана суу бүркүп таркаткан. Артынан оппозициячыл “Имеди” телеканалы жабылган.

Михаил Саакашвили шаршембинин кечиндеги телекайрылуусунда антиөкмөттүк чыгууларды Орусиянын атайын кызматтары уюштурууда деп күнөөлөп, орус элчилигинин кутумга катыштыгы бар үч кызматкери өлкөдөн чыгарылаарын билдирди. Ал эми коопсуздук күчтөрүнүн демонстранттарды күч менен таркатуусу- демократиялык жолду тандап алган элдин саясый укугун коргоо үчүн жасалганын айтты:

- Тбилисинин ортосунда аракеттенген Грузиянын полициясы жана атайын күчтөрү Англия, Франция, Финляндия, Швейцария жана Эстониянын полициясы колдонгон каражаттарды пайдаланганын баса белгилегим келет. Береги демократиялык өлкөлөрдө полиция, бир жагынан, жыйындарда өзүн агрессивдүү алып жүргөн адамдарга, атүгүл радикалдык топторго мүмкүн болушунча зыян келтирбөөгө тырышса, экинчи жактан, коомдук тартипти сактоого, массалык топлоңго жана түрдүү топтордун чатакташуусуна жол бербөөгө аракеттенет.

Антиөкмөттүк демонстрацияны күч менен таркатууну грузин философу Гига Зедания колдоп, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туулуп жатканда, күч колдонуу туура деп санайт:

- Азыр демократия жөнүндө эмес, мамлекет жөнүндө сөз болууда. Маселенин маңызы- адамдар мамлекеттин күнкорсуздугуна коркунуч жаратып жатканында…Бул жерде биз эгемен мамлекет катары сакталабызбы же 200 жыл бою Орусиянын провинциясы болгон кейпибизди улантабызбы деген суроо турат.

Грузиянын акыйкатчысы Созар Зубари болсо шаршемби күнкү окуялар өлкөдө адамдардын элементардык укуктары сакталбагынын көрсөттү дейт.
XS
SM
MD
LG