Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

УКУК КОРГООЧУЛАР ӨЗБЕК ӨКМӨТҮН СЫНГА АЛУУДА


Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык топ БУУга кайрылуу жолдоп, анда Өзбекстанда адам укугу одоно бузулуп, кыйноолорго жол берилип жаткан үчүн бул өлкөнүн бийлик өкүлдөрүн айыптоого үндөдү.

Адам укугун коргоо боюнча Хьюман Райтс Уотч эл аралык уюумунун бул кайрылуусу БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин жакында боло турган конференциясына карата жолдонду. Бул конференцияда Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү кыйноо фактылары талкууланат. 90 барактан турган кайрылууда “Өзбекстанда эч бир башка өлкөдө жок кыйноо ыкмалары колдонулуп келет” деп айтылат. Хьюман Райтс Уотч уюму өзбек өкмөтүн бул үчүн кескин сынга алды.

Уюм жолдогон кайрылууда тартип коргоо кызматкерлери айыпкерлерди суу толтурулган бөтөлкө, таяктар менен урары, алардын денесинен ток өткөрүп кыйнары айтылат. Адам укугун коргоо боюнча уюмдун Женевадагы жетекчиси Жюльет де Риверо айым “Азаттык” үналгысына буларды айтат:

Биз жолдогон кайрылууда, Өзбекстанда кыйноолор дайыма колдонулары айтылат. Тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган адам башынан бир топ кыйноолорду өткөрөт.

Жюльет де Риверо айымдын айтымында, милиция кызматкерлери камакка алынган адамды өзү жасабаган кылмышты мойнуна алдырат. Мындан сырткары тартип коргоо кызматкерлери кармалган адамдын үйбүлө мүчөлөрүн жана күбөлөрдү коркутуп-үркүткөн учурлар дагы көп кездешет.

Уюм жолдогон билдирүүдө тергөөчүлөр, соттор жана прокурорлор мындай далилдерди кадыресе көрүнүш катары этибар албайт деп айтылат. Жюльет де Риверонун айтымында, Хьюман Райтс Уотч уюму тарабынан катталган окуялар үчүн эч ким жоопкерчилик алган эмес:

Биздин уюм тарабынан катталган таныктар боюнча эч ким жооп берген жок. Андыктан бул ишке баргандар жоопкерчиликти сезбейт.

БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин көз карандысыз он адиси өзбек бийлик өкүлдөрү менен жума күнү жана 12-ноябрда жолугушат. Өзбекстанда бийликти сындагандарга карата күч колдонуу жана аларды кыйноо 2005-жылы Анжиянда болгон коогалаңдан кийин көбөйдү. Укук коргоочулардын баамында, анда жүздөгөн адамдар набыт болгон. Өзбек өкмөтү болсо, бул окуя үчүн ислам согушчандары күнөөлүү деп, анда 187 адам курман болгонун айткан болчу.

Зейнеп Мартбек кызы, Прага
XS
SM
MD
LG