Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

АК ҮЙ АЛБУУТТАНА АЛБАЙБЫ?


КМШ өлкөлөрүнүн Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы, орус эксперти Андрей Грозиндин ою боюнча Кыргызстан Казакстанды туурап жатат деген менен ушу тапта украиналык модель менен баратканын, Бакиевдин акыркы кездердеги позициясы мамлекеттин айткан-дегенинен чыкпаган, өз көзөмөлүндөгү Жогорку Кеңешти түзүү болуп жатканын, бирок бул деген өлкө авторитардык режимге баратат дегенди түшүндүрбөстүгүн, демек кыргызстандыктар мындан чочулабаса деле болорун, анткени Кыргызстанда демократия менен жарандык коомдордун деңгээли мындайга жол бере койбосун, анын үстүнө көптөн бери Кыргызстандын коомчулугу бийликтен өз алдынча жашап калганын, адамдар үмүт-тилектерин парламент менен да, аткаруу же сот бийлиги менен да байланыштырбастан өзүлөрүнүн жеке мүмкүнчүлүктөрү менен байланыштырып калышканын, анын үстүнө өлкө жетекчилери өткөн жетекчиликтин башына түшкөн окуядан сабак сабак алуусу керектигин, кокус бийлик таяктын учун ашкере ийип жибере турган болсо өз башына гана муш болорун белгилеген Андрей Грозин, бийлик бул шайлоодо ашынган жоруктарга баралбайт, эгер болбой эле өз бийлигинин мындан да бекем болушун каалап бураманы бурай берсе же бураманын сайы жарактан чыгат же бураманын өзөгү үзулүп кетет деп айтты. Анын ойлорун бүгүн жарык көргөн «Лица» гезити басып чыгарды.

«Де-факто» гезити политолог Сыргак Абдылдаевдин «Ак үйдүн амалы (стратегиясы)» деген аналитикалык макаласын орус тилинде жарыялады. Автор макаласында бийликтин 7-кабаттагы коньюктуралык саясат барометри эртең эле таптакыр башка өңүткө бурулуп кетерин, маселен Д.Үсөнов үчүн шаар мэринин кызмат орду алысты көздөгөн старттык аянт болорун, өзүнүн жеке амбициясынын илеби менен бул атка минер премьер-министрликтен да аркы мейкиндикти мелжеп турганын, кечээ эле өзгөрбөстөй болгон нерселер өзгөрүп жатканын, мунун мисалы катары Кыяс Молдокасымовдун кызматтан алынып, анын ордуна эчким күтпөгөн Мелис Эшимканов КТР жетекчилигине барганын, ал эми аз күндөн бери мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров кызматтан кетет экен деген сөздөр күчөп баштаганын, мунун да негизи болушу мүмкүндүгүн, ошол эле учурда Эшимкановдун кызматка келиши Акүй атка минерлеринин, айрыкча Бакиевди тегеректеп жүргөндөрдүн кулагына шыңгыраган коңгуроо болгонун, ал эми Бишкек шаар Кеңешинин оппозициялык спикерин кызматтан кулатуу келе жаткан парламенттик шайлоо учурунда жарыла турган мина болуп калганын баяндаган.

Булардан тышкары эки гезит тең Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигине 1-катчы болуп дайындалып, кайра ал чечими жокко чыккан Осмонакун Ибраимовдун окуясын жазып чыгышты.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG