Бул иш чаранын салтанаттуу ачылышы Бишкекте Тарых музейинин кинозалында болот. Европа кинофестивалынын алкагында Германиянын, Словакиянын, Италиянын, Чех Республикасынын, Финляндиянын, Франциянын ж. б европалык өлкөлөрдүн кинотасмалары көргөзүлөт. Бул фестивалды Европа комиссиясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Кыргызстандагы Европа Клубу уюштурууда. (KCh)