Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:47

Эки жылдан бери Кошмо Штаттардын “Соренсон” Молекулярдык Генеалогия фондунун илимпоздору кыргыздардын түпкү тамырын молекулярдык генетика жетишкендигинин негизинде иликтеп келатышат. Илимпоздор өткөн жылы 200 биологиялык материал иликтешкен, быйыл болсо анын санын миңден ашырууну көздөшүүдө. Адистердин ырасташынча, бүгүнкү кыргыздардын канынан азиялык, арабдын, европалык, ошондой эле америкалык индейлердин генетикалык окшоштугун табууга болот.

Кыргызстандагы Эларалык университетттин ректору Асылбек Айдаралиевдин ырасташынча, АКШ илимпоздору Кыргызстандан 200 биологиялык материал топтоп кетишкен.

«Соренсон» молекулярдык генеалогия фондунун бөлүм башчысы Эдгар Гомес кыргыздардын генетикалык окшоштук, жалпылык, айырмачылыктарын так аныкташ үчүн жыйналган материалдар аздык кыларын, илимий иш дагы улантыларын маалымдады. Бул максатта окумуштуулар кыргыздардын оң, сол, ичкилик урууларын иликтөөгө алууну көздөшүүдө.

Молекулярдык генеалогия же ДНК деңгээлинде сакталган маалыматтын тактыгынан эч ким шек санабайт. Өткөн жылы топтолуп кеткен биологиялык материалдын алгачкы жыйынтыгы кандай чыкканын иликтөөгө катышкан Кыргызстандын эларалык университетинин президенти, академик Асылбек Айдаралиев жарыя кылды.

- Дагы бир миң кишини изилдейбиз. Кыргыздар европалык, азиялык каны менен кошулуп калган. Бул биринчиси. Айтып жатпайымбы, биздеги 20 – 40% кан европалык. Бул абсолюттук жаңы жыйынтык.

Америкалык окумуштуулар академик А.Айдаралиевдин генеалогиялык тамырын иликтеп көрүп момундай жыйынтык чыгарышкан.

- Мына эми мен өзүм жөнүндө айтайын. 55% Чыгыш Азия дейт. 38% европалык кан. 7% Араб чөлү дейт. Магриб, Египет, Mарокко, Алжир жагынан экен. Ошол жактан ген келиптир,- дейт Асылбек Айдаралиев.

Медицина боюнча эларалык жогорку мектептин ректору, профессор Шамил Чыңгышбаев чоң иш жаңыдан башталганын, кыргыздардын кайдан жана кантип чыккканын молекулярдык генеалогиялык жол менен аныктап чыгуу ириде калктын тарыхый жактан өзүн-өзү аңдап билүүсүнө байланыштуу экенине токтолду.

- Божомолдор болуп жатат. Эми ошолордун баарын окумуштуулар такташ керек. Далилдей турган нерсе болуш керек. ДНК деген мисалы үчүн 1000 жыл болобу, 5000 жыл болобу, 10 000 жыл болобу, ошонун баары кайталана берет.

Американын Юта штатынын Солт Лейк Сити калаасында жайгашкан молекулярдык генеалогия «Соренсон» фондунда ДНК деңгээлинде сакталган генеалогиялык маалыматтардын дүйнөдөгү эң ири базасы топтолгон. Фонддун бөлүм башчысы Эдгар Гомес Кыргызстандан жыйналган биологиялык материалдар биртоп окшоштуктарды ырастаганын маалымдады.

- Мобул картадан эки чекитти көрүп турабыз. Анын бири Монголияда, экинчиси Кытайда турат. Бул эки жерде иликтөө жүргүзүлгөн. Экөөндө окшоштуктар көбүрөөк. Биздин үлгүлөр мына ушул эки чекитте кездешти, анан да үчүнчү чекит Тайван аралынан табылды.

Илимпоздор арасында кыргыздардын түпкү теги, алардын байыркы замандагы карым-катышы тууралуу көптөгөн божомолдор айтылып келатат. Тарых илим кандидаты Айдарбек Көчкүновдун ырасташынча, кыргыздардын түрк уруулары, башка элдер менен карым-катышы кеңири географиялык аймакты камтыйт.

- Кыргыздар, түрк урууларынын америкалык индейлер менен генетикалык окшоштуктары тууралуу мурда эле айтып келишкен. Биздин мобуреки Индоевропалык уруулар, өзгөчө арийлер менен байланышыбыз терең изилдене турган проблема. Буга алиге чейин анчалык көңүл бурбай келатышат. Кыргыздардын өзгөчө руханий маданиятында анан кээ бир материалдык маданиятында арийлик маданияттын элементтери бар. Бул арийлик элементтер кыргыздарга качан, кайсы доорлордо кирген? Балким ал Андронов урууларынын жалпы Индоевропалык катмар болуп турган чакта кирип, кыргыздарда сакталып калган болуу керек,- дейт А.Көчкүнов.

Окумуштуунун пикиринде, индоевропалык катмардын изи «Манас» эпосунда сакталып калган.

Америкалык жана кыргыз илимпоздору иликтөөгө алынган биологиялык материалдар көбөйгөн сайын дүйнөнүн аркыл жерлеринде жайгашкан калктардын ортосундагы көптөгөн генетикалык окшоштуктар чыга берет, деп кабарлады Эдгар Гомес. Эмнеликтен Тайван аралынан кыргыздарга үндөш генетикалык окшоштук чыгып калышынын себебин академик Асылбек Айдаралиев ал жерде өздөрүн скифтердин тукумдарыбыз деген калк жашай тургандыгы менен түшүндүрдү.

Илимпоздор азырынча кыргыздардын генеалогиялык тамыры кандай экенин так айтып бере алышпайт. Европалык, азиялык, анан да Сахара чөлүн байырлап жашаган арабдардын, кытайлардын, индейлердин каны качан жана кантип кыргызга сиңгени, байыркы калктын кыйла кылым карыткан тарыхый жолундагы генетикалык өзгөрүүлөрдүн чоо-жайы былтыртан бери башталган иликтөөнүн жыйынтыгында аныкталмакчы.
XS
SM
MD
LG