Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

«АТА МЕКЕН» ПАРТИЯСЫНЫН ШАЙЛООГО ТИЗМЕСИ ДАЯР


«Ата мекен» партиясы 7-ноябрда өзүнүн жетинчи курултайын жыйынтыктап, алдыдагы парламенттик шайлоого катышуучу талапкерлеринин тизмесин бекитти. Ошентип “Ата мекен” партиясы шайлоого аттанган партиялар арасында өз тизмесин бекитип, жарыялаган алгачкы партия болуп калды. Байкоочулардын баамында, “Ата Мекен” партиясы алдыдагы шайлоодо бийликтин “Ак жол” партиясына негизги атаандаш болуп саналат.

“Ата мекен” партиясынын лидерлеринин айтымында тизме боюнча бир пикирге келүү оңойго турган жок. Анткени, ага кошулган дагы бир таасирдүү партия “Ак шумкардын” кызыкчылыктары да эске алынуусу керек эле. Ошентсе да партия башкалардан озунуп, өз тизмесин биринчи болуп жарыялады. Тизме 100 адамдан туруп, добуш берүү аркылуу бекитилди. Ага ылайык тизмени партия лидери Өмүрбек Текебаев жетектеп, андан ары Кубатбек Байболов, Темир Сариев, Татьяна Понамарева жана Дүйшөнкул Чотоновдордун ысымдары жазылды. Ошондой эле биринчи ондукта Бакирдин Субанбеков, Асия Сасыкбаева, Болот Шерниязов, Эркин Алымбеков жана Карганбек Самаковдордун ысымдарын көрүүгө болот. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев мындай дейт:

- Курултайыбыз эки баскычтан турду. Макулдашуу баскычыбыз бираз көпкө созулду. Бирок, ошого карабастан биз Кыргызстандагы өз тизмесин биринчи болуп жарыялаган партия болдук. Калган партиялар бул баскычка келе элек. Мына ушунун өзү макулдашуу, бул – жеңиштин негизи боло турган фактор экенин далилдейт.

Андан тышкары “Ата мекен” партиясы өзүнүн шайлоо алдындагы стратегиялык программасын да бекитти. Бул тууралуу “Ата мекен” партиясынын туусу алдында шайлоого бараткан “Ак шумкар” партиясынын тең төрагасы Темир Сариев мындай деди:

- Программанын негизги өзөгүн бүгүнкү күндөгү эң көйгөйлүү үч маселе алды. Бул – биринчиси жумушсуздук, экинчиси жакырчылык, үчүнчүсү коррупция. Ушул үч эң көйгөйлүү программанын тегерегинде мамлекетти эффективдүү башкаруу кандай болушу керек, ал кандай иштеши керек, кандай түзүлүшү керек, ушуларды жазып чыктык.

Тизме бекитүү иш-чарасынын тууралыгына көз салып турган БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматовдун айтымында, мыйзам бузуулар байкалган жок. Бирок, анын айтымында кээ бир партиялар үгүттөө жараяны баштала электе эле мыйзам бузууларга жол берип жатышат:

- Шайлоо дайындалган күндөн баштап үгүт жүргүзүүгө бардык партияга тыюу салынган. Бирок, гезиттерди карап көрсөк, өздөрүнүн үгүт материалдарын “маалымат катары” деген атка жамынып, анча-мынча мыйзам бузуулар болуп атат. БШКнын астында үгүт иштерин көзөмөлдөө тобу бар. Жыйыныбыз болгондо биз кодекстин нормасына ылайык ошол партияларга эскертүү беребиз.

Бийлик партиясына, бириккен оппозицияга да А.Акаевдин доорунда чоң кызматта тургандар келип жатканын айтып, нааразы болгондор чыккан эле. Бул тууралуу “Интербилим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева буларга токтолду:

- Албетте, биз бардык эле саясатчыларды катарыбызга ала берген жокпуз. Таразага тартып, мурда кандай иштеген, ошондо өзүн кандай көрсөткөнүн карап туруп, электен өткөрдүк.

XS
SM
MD
LG