Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

12:55 Шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штабды Алмазбек Атамбаев жетектейт


Президент Курманбек Бакиевдин “Мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо” тууралуу үстүбүздөгү жылдын 23-октябрдагы жарлыгын ишке ашыруу боюнча Өкмөт токтом кабыл алды. Токтомго ылайык шайлоо өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү, техникалык-уюштуруу маселелерин чечүү багытында Республикалык штаб түзүлүп, аны премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу Алмазбек Атамбаев жетектеп, облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларда, мэрияларда да штабдар түзүлөт. Министрликтерге, ведомостволорго жана башка бийлик органдарына шайлоо өткөрүүгө, шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү милдеттендирилди. Мамлекеттик маалымат каражаттарына мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун даярдыгынын жүрүшүн чагылдыруу тапшырылды. (AJ)

XS
SM
MD
LG