«Азыр кырдаалды тартипке салуу үчүн эч ким чара көрбөй жатат. Мындай шартта шайлоо демократиялык нукта жана эл аралык нормаларга ылайык өтөт деп ишенүүгө болобу?,-деп айтты «Ар-Намыстын» лидери. Анын жүйөөсүндө, БШКнын саясий партиялар аймактардан 0,5 пайыз добуш алышы керек деген чектөө талабы көп талаштуу маселе болуп жатат. Бир катар эксперттер бул оппозициялык партияларды шайлоодон сүрүп чыгаруу үчүн жасалуучу амал аракет деп белгилешүүдө. Экинчиден, бул коюлган чек Конституцияга жана Шайлоо Кодексинин өзүнө каршы келип жатат.
Айрыкча сыртта жүргөн кыргызстандыктардын добушу аймактык көрсөткүчү боюнча кандай эсептелери дагы ачыкталбаган маселе бойдон турат. Оппозициялык партиялар сырттагы мекендештердин баарынын добушу Бишкек үчүн эсептелип калат деп да кыжаалат болушууда. Мындай эреже талаптардын канчалык мыйзамдуу экендигин Конституциялык Сот да карап тактап берүүдөн баш тартып келет.
Ошондуктан, «Ар-намыс» жана башка партиялар шайлоо боюнча жаңы эреже- тартиптердин карама-каршылыгын чечип беришин же Конституциялык Сотту иштөөгө милдеттендиришин талап кылып Президентке кайрылган жатышат. (KCh)