Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:18

ЖЕҢИШБЕК АКМАТОВ: АЙРЫМ БИР ПАРТИЯЛАРДЫ ОЮНДАН ЧЫГАРУУ АРАКЕТТЕРИ БОЛУП ЖАТАТ


Шайлоодо аймактардан 0,5 пайыз добуш алуу жөнүндө саясий партиялар үчүн коюлган чек азыркы учурда көп талаштуу маеле болуп калууда. Бул маселенин айланасында БШК мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- Акыркы кезде региндордон 0,5 пайыз алуунун тартибин, же көлөмүн өзгөртүү боюнча БШК талкууларды уюшуруп жатат деген маалымат чыгып жатат. Ушундай өзгөртүүнү кабыл алуу канчалык деңгээлде даяр турат?

- Бул маселе акыркы кездерде кыргыз журтчулугунда чоң маселени туудуруп, бизге дагы көптөгөн партиялар кайрылып жатат. Эгерде биз кодексттин 77-статьясынын 3-пунктун карасак, бул жерде 0,5 пайызы элинин санына жараша ар бир облустун өзүнө коюлуш керек. Бирок акыркы кездерде биздин кээ бирки Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан, ошондой эле башка кээ бирки таасирлүү күчтөрдүн ойлору боюнча бул процент жалпы республикалык тизмеден алыныш керек деген ойлор көбүрөөк өкүм сүрүүдө. Бул боюнча БШКда маселе көтөрүлгөн.

Бирок биздин БШКнын төрагасынын чечкинсиздигинен жана өз ишин жакшы билбегендигинин айынан ушул маселе эки жумадан бери БШКда талкууланбай келе жатат. Эмнеден коркуп, эмне максат менен бул маселени БШКнын заседаниесине алып чыкпай жатканы мага ушул убакка чейин түшүнүксүз. Мен эки жолку заседаниеде ушул маселени көтөрдүм, бирок биздин төрайымыбыз бул маселе боюнча унчукпай заседаниенин күн тартибине алып чыкпай атат.

БШК боюнча законго ылайык шайлоо комиссиясынын мүчөсү өздөрү алып чыгууга укуктуу. Бирок, тилекке каршы биздин шайлоо комиссиясынын көп мүчөлөрүнүн дагы чечкинсиздигинен, же болбосо башка дагы кызыкчылыктары барбы, бул маселеге макулдугун бербей, ушул күнгө чейин Борбордук Шайлоо Комиссиясы карабай келе жатат.

-Эгерде ошондой өзгөрүү болсо партиялар өлкөдөгү 9 региондон канчадан добуш алыш керек?

- Эгерде регион боюнча эмес жалпы республикалык тизмеден деп калса, анда ар бир региондон бардыгынан бирдей 13 жарым миң шайлоочудан көбүрөөк добуш алыш керек, 13 миң 600 добуш ар бир облустан алыш керек болуп калат. Бул абдан кыйын. Себеби 482 миң шайлоочусу бар Ош облусу менен 123 миң шайлоочусу бар Талас облусун теңештирүү бул акылга сыйбаган иш. Ошондуктан мындай нормага мен аягына чейин каршы турам. Бул болбойт.

- Ушул чечимди кабыл алууга Боршайлоокомду Акүй мажбурлап жатат, буга президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы түрткү болуп жатат деген сөз чыккан. Партиялар үчүн аймактан 0,5 пайыз добуш алуу жөнүндө демилге кайдан чыкты чындыгында?

- 0,5 пайыз бул сиз айткан администрациядан болгон. Себеби шайлоодо 0,5 пайыз алат дегенден кийин үтүр коюлган. Башкы проектиде үтүр жок болчу. Бул кийин рефрендумга бир жума калганда президенттин атайын указы менен ушул кодекстин текстине өзгөртүүлөр киргизилсин деп туруп бир үтүрдү ойлоп табышкан. Ошонун айынын мындай ар түркүн жоромолдор, ойлор чыгып атат, жогору жактан дегенге көбүрөөк ынанууга туура келип жатат.

- Эми бул саясий партияларга атайын бут тосуу катары бааласа болобу?

- Туура, мен бул ойго кошулам. Бул кээ бир жакпаган партияларды оюндан чыгаруунун бир методу.

- Азыркы күнгө карай канча партия күрөөгө акчасын коюп, шайлоого катышууга даярдыгын көрсөттү?

- Мен билген маалыматтан “Ар намыс” партиясы күрөөсүн койгон, кечээ “Ата мекен” партиясы биринчи болуп съездин өткөрүп өздөрүнүн талапкерлеринин тизмесин бекитти. Эми бүгүн-эртең көп партиялар өздөрүнүн съезддерин өткөргөнү жатышат.

-Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG