Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

13:55 Агрардык академиянын ректору Б.Сыдыковго бир катар мугалимдер ишенбөөчүлүк көрсөтүшүүдө


Бүгүн Агрардык академиянын бир катар окумуштуу-профессорлору, мугалимдери маалымат жыйынын өткөрүшүп, аталган окуу жайдын ректору Батыралы Сыдыков окуу жайда реформа жүргүзөм деп, реформасы жыйынык бербегенин, финансылык тартип бузууларларга орун берилгенин белгилешти. Алардын айтымында, Б.Сыдыков “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамды одоно бузуп, ректорлук мөөнөтү бүтсө дагы Жогорку Кеңеш аркылуу эки жылга мөөнөтүн узартып алган. Ошондой эле ректор конокторду тосууга көп бөлмөлүү батир сатып алууну көздөп жатканын, ИИМдин кызматтык кылмыштарга каршы башкармалыгы окуу жайда айрым финансылык тартип бузууларды каттаганын белгилешти. Агрардык академиядагы коррупция жөнүндө буга чейин да айрым басылмалар жазып чыккан. Батыралы Сыдыков болсо өзүнө коюлуп жаткан айыптоолорду негизсиз, деп билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG