Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын кезектеги маектеши саясат таанучу Карыбек Байбосунов болду. Анын баамында шайлоодо «Ак Жол» партиясы көпчүлүк добушту алат, ал эми “Ата Мекен” экинчи орунга чыгышы мүмкүн.

- Саясий партиялар курултайларын өткөрүп тизмелерин жарыялай баштады. Кечээ күнү “Ата мекен” партиясы өзүнүн тизмесин жарыялады. Сиздин оюңузча, негизги күрөш кайсы партиялардын ортосунда жүрүшү мүмкүн?

- Партиялар азыр эки чоң топко бөлүндү. Биринчиси, бийликтин “Ак жол” партиясы менин болжолумда көпчүлүк добушту алат парламентте. Бул боюнча мен мурда да өзүмдүн пикиримди айткам. Экинчи жоон топ бул Өмүрбек Текебаевдин “Ата мекен” партиясы алса 15-20 пайызды алышы мүмкүн. Социал-демократиялык партия 12-13 пайызга ээ болот. “Ар намыс” жана башка калган партиялар 5 пайыздык босогодон өтпөй калышы мүмкүн.

- Демек сиздин оюңузча оппозициялык “Ата Мекен” менен президент баштаган “Ак жол” партиясынын ортосунда болот?

- Оппозициялык партиялар биригип өзүнчө бир фронт болушу мүмкүн, “Ак жол” партиясы өзүнчө болушу мүмкүн. Ошондо эки партиянын ортосундагы күрөшкө күбө болушубуз мүмкүн бул жолу.

-Карыбек мырза, биздеги эң белгилүү эски партиялардын бири коммунисттердин шансы тууралу айтпадыныз. Булар үчкө бөлүнүп турат, алардын абалы кандай болот?

- Коммунисттер партиясын кармап турган кажарлуусу эле Исхак Масалаиевдин партиясы. Алар дагы ишенип турушат, көбүнчө улуу муундун өкүлдөрүнүн добуштарына ээ болобуз деген үмүттөрү бар. Бирок коммунисттик партияга эл азыр ишеним көрсөтүшү өтө күмөн болуп турат. Бул дагы 5 пайыздан ашпашы мүмкүн.

- Саясий партияларды акыркы кезде түйшөлткөн маселе 0,5 пайызга байланыштуу болуп жатат. БШК 0,5 пайыздын алунун тартибин өзгөртөбүз деп жатышат. Тактап айтканда, буга чейин ар бир 9 региондун калкынын санына жараша 0,5 алыш керек деген тартипте болсо, азыркы кезде Борбордук шайлоо комиссиясы муну өзгөртүп, 0,5 пайызды жалпы республиканын калкынын санынан алыш керек дегендей айтып жатат. Бул өтө көп болуп калат дегенди айтып жатат. Маселен, Баткенде боюнча 0,5 пайыз мурда миңдин тегерегинде болсо, азыркы кезде 14 миңге чейин алыш зарыл болот. Бул өзгөртүүлөр партияларды такыр эле аксатып салбайбы?

- Бул жерде калктын санын эсептебеш керек. Бул жерде кайсы региондо партиянын салмагы кандай, ошого жараша БШК катуу талапты коюп атканы бекер жерден эмес. Демек, партиянын өзүнүн беделине жараша болот. Мурда иштеди беле, иштесе кандай иштеди эле, азыркы кезде региондордо партиялар кандай иштерди алып барып атат, ошого жараша 0,5 пайыз деген талапты аткарышы мүмкүн. Бул жерде кыйын деле маселе жок. Бул жерде бардыгы оңой эле өтүп кете алышат. Кайсы партия мурда иштеп жүргөн болсо өзүнүн элге жасаган кызматына жараша добуштарды ала берет.

Партиялар үчүн бул кыйын маселе деле эмес. Можаритардык бир мандаттуу шайлоо убагында деле ошол эле талап менен талапкерлер күрөшүп келишкен. Азыр деле партиялар арасында ошондой эле күрөш болот. Демек бул жерде бийлик партиясынын шансы абдан өсүп кеткендиги байкалат.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Айданбек Акмат уулу
XS
SM
MD
LG