Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Ушул айдын этегинде Мадридде Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кирген 56 өлкөнүн тышкы иштер министрлери жыйынга чогулушат. Министрлер күн тартибиндеги башка проблемалар менен бирге 2009-жылы уюмга төрагалык кылганга Казакстанга мандат берүү маселесин карашат. Бул идеяны ишке ашырганы президент Нурсултан Назарбаев көп жылдардан бери дипломатиялык аракеттерди көрүп келатат. Бирок көздөгөн тилекке жетүү Казакстанга оңой болбойт шекилдүү, деп эсептейт “Азаттыктын” Борборазия боюнча белгилүү эксперти Брюс Паниер.

Президент Нурсултан Назарбаев өз өкмөтү алдына дегеле сердымактуу үлкөн милдеттерди коюп келатат: жакынкы аралыкта Казакстан дүйнөдөгү өнүккөн элүү өлкөнүн катарына кошулушу керек; Азиядагы ишенимди чыңдоо максатында жыл сайын өткөрүлө турган эл аралык конференциялардын туруктуу “мекени” болуп калууга тийиш. Казакстан калаберсе 20014-жылдагы кышкы Олимпиаданы уюштурганга да талаптанган эле. ОБСЕге төрагалык кылуу максатын мындан бир нече жыл илгери жарыялаган.

Лондондогу Jane Жейн маалымат борборунун редактору жана эксперти Алекс Ватанка казак президентинин бу мүдөөсү уюмдун жеке пландарына деле кайчы келбейт эле деп эсептейт. “Менин айтайын дегеним – ОБСЕнин мандаты күн чыгыш тарапка оойт эле, ОБСЕ азыр иш жүзүндө Кытайга жуук аймактарда иштеп жатат, алар үчүн бу жаңы мандат болмок”, - дейт Ватанка.

New Mexico университетинин профессору Григори Глисон да уюмга жетекчилик кылганга соңку жылдары Казакстандын мүмкүнчүлүгү жогорулады деген пикирде. Европалыктар да, америкалыктар да Казакстанда рынок экономикасы бар экенин таанышкан, болгондо да аны Россиядан мурда рынокко өткөн өлкө катары таанышкан, дейт профессор Глисон.

Бирок Астананын оппоненттери уюмга төрагалык кылуу үчүн экономикалык жетишкендиктер аздык кылат дешет. Казакстандын талапкерлигине каршы чыгып жаткан укук коргоочу уюмдардын бири - Freedom Houseтун өкүлү Кристофер Уолкер келечекте мындай мүмкүнчүлүк түзүлүшү ыктымал деп эсептейт,бар болгон маселе ушу тапта Казакстан уюмдун стандарттарына бир топ жактан ылайык келбей турганында.

Казакстанга төрагалык мандат берүү маселеси былтыр чечилиши керек эле. Чоң талаш-тартыштан соң Астанага дагы бир жыл мөөнөт берилген. Бирок быйыл августтагы шайлоо Казакстандын дымагына катуу сууп сепкендей болду. Уюмдун миссиясын жетектегендердин бири Любомир Копай парламенти бир гана саясий партиядан турган демократиялык өлкөнү байкоочулук тажрыйбасында дегеле көрбөгөнүн айтып, жалпы көпчүлүктүн пикирин туюнткандай болду.

2009-жылы уюмга Казакстандын төрагалык кылышына азыр АКШ менен Британия айрыкча каршы болуп жатышат, европалык айрым өлкөлөр ыргылжың абалда. Ал эми Москва болсо Казакстанды КМШнын коллективдүү кандидаты деп атады. Эгер Мадриддеги жыйында Астананын талапкерлиги кабыл алынбаса, анда ОБСЕ 2009-жылы гана эмес, дегеле төрагасыз калышы мүмкүн, деп билдирди бейшемби күнү Венада Россиянын тышкы иштер министринин орунбасары Александр Грушко.
XS
SM
MD
LG