Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

РЕФОРМА ШЫЛТООБУ ЖЕ ШЫНООБУ?


К.Скрябин атындагы агрардык университетке мындан алты жыл мурда Батыралы Сыдыков ректор болгон. Кайрадан шайлоо мөөнөтү келгенине карабай Б.Сыдыков ректорлук мөөнөтүн дагы эки жылга узартып алган. Ошондой эле окуу жайда коррупция көз көрүнөө өсүүдө. Бул тууралуу кечээ аталган университеттин профессор-окутуучуларынын биртобу маалымат жыйынынын өктөрдү. Алардын айтымында, Б. Сыдыковдун реформасы коррупцияга жол ачып, миллиондогон сомдук кымбатбаа үйлөр сатылып алынууда.

Контракт негизинде университетте билим алып жаткандардан жылына 40 миллионго жакын сом акча түшөт. Анын теңине жакыны окутуучуларга эмгек акы, калган акча окуу жайдын керектөөсүнө жумшалышы керек. Университеттин экономика жана бизнес институтунун директору, профессор Иматбек Раззаковдун ырасташынча, чогулган акчанын кайда жумшалганы белгисиз.

- Түшкөн акчанын кайда жумшалганын ачык-айкын айтып бергиле дедик. Ушул эле. Ошол айтылбай жатпайбы. Анан эми кызматтык... аны Ички иштер министрлигине жазган. Эми алар текшерип жатышат.

Быйыл университеттеги акчалардын кандай пайдаланылып жатканын Эсеп палатасынын аудиторлору текшерип кетишкен. Кафедра башчысы Ишенбек Алыкеев азырынча анын жыйынтыгы жарыя айтылбай жатканын билдирди.

- Ошондо жүрөт, «бюджеттик акчалар максатсыз пайдаланылган» деп жүрөт. Ал мындай болгон экен. Жылдын аягында, каржылык мөөнөт бүтүп жатканда университеттин эсебинде кандайдыр бир сумма калып калыптыр. Аны казыначылыкка өткөрбөстөн 13-стипендия деп студенттерге берип жибергени ачык-айкын билинип калды.

И.Алыкеев университет ректору Батыралы Сыдыков окумуштуулар кеңешинин чечимисиз эле Түркмөнбашыга Кыргызстан айыл чарба университетинин ардактуу профессору наамын ыйгарып салганын билдирди. Ректор Батыралы Сыдыков С.Ниязовдун айтылуу «Рухнааме» китебин болочок айыл-чарба адистерине окутмак болуп чыккан.

Айылдан келген студенттерге жатакана жетпей жатса эки студенттик жатакананын биртоп бөлмөлөрү мейманканага айландырылып, анын акчалары кимдин чөнтөгүнө түшүп атканы белгисиз. Ал эми шаардын борборунан кымбатбаа квартиралар универститеттин эсебинен сатылып алынганы менен ал кимге таандык жана кандай пайдалынылып жатканы табышмак, деп айтты И.Алыкеев.

- Атүгүл көп квартирлүү үй сатып алганга акча табылат. Билесиңер, Бишкектин борборунда өзүнчө курулган үч бөлмө үй миллиондогон сом турат. Бул үйлөр кимдерге сатылып алынган? Меймандарга дешет.Чет өлкөдөн меймандар келишет. Алар мейманканада эле жашашат, аларга үйдүн кереги жок.

Бирок мындай сын-пикирлерге агрардык университеттин жетекчилиги макул эмес. Ректор орунбасары Алмазбек Иргашев Б.Сыдыковдун ишине сын айткан профессор окутуучуларга жооптуу гезит аркылуу беришкенин, ректордун аракети менен окуу жайда биртоп ийгиликтер болуп жатканын «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди.

- Азыркы кезекте ийгиликтер бар деп мен айтып кетет элем. Бардык тармактар боюнча. Нааразылыктар бул жерде бир гана мен ректор болсомбу, деген мааниде болуп жатат го.

Маалымат жыйынына катышкан кафедра башчы И.Алыкеев технологиялык факультет ачылганда ага атайын сабактарды өтө турган окутуучулар ишке алынып, бирок алар эки жыл сабак өтпөсө дагы айлык алып келишкенин маалымдады. Профессор Асанбек Абдыкеримов болсо ректор кызматында дагы эки жыл мыйзамсыз калганын билдирди.

- Эки жылга мөөнөтүн узартып алгандын эртеси эле келип алып, «мен реформанын экинчи этабын өткөрөм деп, момундай, момундай болот деген.

Окумуштуулардын айтымында, кадр саясаты боюнча жол-жоболорго ылайык кафедра башчысын шайлоо окумуштуулар кеңешинин жашыруун добушу менен чечилет. Бирок ректор андай маселелерди өзү эле жалгыз чечип коёт. Кыскасы, кадрдык да, финансылык да, уюштуруучулук дагы башаламандык жамаатты чарчатып, тажатып бүттү дешет агрардык университеттин айрым окутуучулары. Алар университет комплекстүү текшерилиши керек дагы, ректордун ишине калыс баа берилгени оң дешет.

XS
SM
MD
LG