Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

ПАРТИЯЛЫК ТИЗМЕГЕ КИРҮҮ ҮЧҮН АБРОЙ КЕРЕКПИ, ЖЕ АКЧАБЫ?


Парламенттик шайлоого барууга бел байлаган элүүгө чукул саясий партиянын ичинен алгачкы болуп “Ата Мекен” партиясы депутаттыкка ат салыша алат деген 100 талапкеринин атын жарыя кылды. Атаандаш болуучу башка саясий партиялар да өз мүчөлөрүн салмактап, татыктуу деп санаган өкүлдөрүнүн тизмесин тактап жатышат. Саясий партиялар тизмени кандай талап жана кандай максат менен тандоодо?

Талапкерлерин алгачкы болуп тактаган “Ата Мекен” партиясынын тизмесине киргендердин 35%ын аялдар түзүп, жаштар менен ар улуттун өкүлдөрүнүн саны 20%дан болду. Партия төрагасынын орун басары Дүйшөнкул Чотоновдун айтымында, алар партиянын идеясына берилип, максатын ишке ашырууда кошкон салымдарына жана өнөктөш болгон “Ак шумкар” партиясынын сунушуна жараша тандалды.
Анткен менен партиянын өткөн жылы уюштурган нааразылык митингдерине жана башка иш-чараларына активдүү катышып, анын ураанын чакырган айрым саясатчылардын тизмеге кирбей, тескерисинче, мурдагы бийлик тушунда жогорку кызматта жүрүп, байлык топтоп, эл арасындагы баркы чамалуу болуп калган адамдардын тизмеге кириши коомдо жалпы партиялардын калыстыгына дароо ишенбөөчүлүктү жаратты. Саясат таануучу илимпоз, экс-депутат Жолборс Жоробековдун баамында, тизме тактоодо соодалашуу роль ойнобой койбойт:

-Соодалашууга барат дегенге ишенбейм, андай болушу мүмкун эмес дегениме карабастан мен абдан ишенген адамдардын “Мынча сурап жатышат, момунча акча керек деп жатышат” дегендеринен улам ишенбегенге аргаң жок калат экен. Ошон үчүн, албетте, бул жерде акчанын маселеси да бир топ роль ойносо керек.

“Ата Мекен” партия төрагасынын орун басары Дүйшөнкул Чотонов мындай шек саноолорду дароо четке кагып, байлыкка баа болбоду дейт:

-Түздөн-түз байларга басым жасалган жок. Мисалы, “Ата Мекен” партиясынын тизмесин карасаңар, тизмеге партиянын лидерлери, саясий кеңештин мүчөлөрү жана Жогорку Кеңеште депутат болгондор менен көп жылдан бери партияга мүчө болуп жүргөн адамдар кошулду. Андан тышкары “Ак шумкар” партиясы менен бириккенден кийин алардын өкүлдөрү менен катар-катар болуп бир-бирден аралашып кирдик

“Ата Мекенден” тышкары парламенттик шайлоодо башкы атаандаш болот деп бааланып жаткан “Ак жол” жана “Социал-демократиялык” партиялары курултайларын 10-ноябрда өткөрүп, тизмесин тактаган жатат. “Социал-демократиялык” партиянын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Адил Турдукуловдун айтымында, бул партия өз тизмесин мүчөлөрүнүн табигый дараметине карап түзөт:

-Бир критерий менен гана баалайбыз. Ал талапкердин кесипкөйлүгү жана партияга ишенимдиги. Анын каражатына эмес, ал элди канчалык деңгээлде көтөрө алат жана шайлоочулар ага канча добуш берет деген критерий менен тандап жатабыз.

Ал эми азыр өлкө аймагында жергиликтүү уюмдарынын жыйындарын өткөрүп жаткан “Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров болсо “асабачылар” 13-ноябрда болчу курултайында өз тизмесине колу таза гана адамдарды тандайт деген бекем ишенимде:

-Элдин байлыгына, менчигине мурда кол салгандардын бирөө да биздин партия аркылуу көрсөтүлбөйт. Бул биздин биринчи принцип. Экинчиси, мурда Акаевдин, азыр Бакиевдин режимин күч алдырып жаткан жана “Ак жол” партиясынын эшигин түртүп ага батпай калып, эми биздин партиянын эшигин сагаалагандар дагы бизден өтпөйт. Биздин негизги принцип-тогуз региондун өкүлдөрү тогуз облустук партиялык бөлүмдүн сунушу менен киргизилет. Алар ошол региондун кызыкчылыгын коргой ала турган, өз облусунда кадыр-баркы бар, колу мурда булганбаган таза адамдар болуш керек жана алар тизменин биринчи ондугун түзөт.

Шайлоо Кодексине ылайык саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин ичинен аялдардын саны 30%дан, жаштар менен өлкөдөгү ар улуттун өкүлдөрүнүн саны 15%дан кем болбошу башкы талап. Партиялардын азыркы ыкласына жана “Ата Мекен” партиясы түзгөн тизмеге караганда, бул талап добуш берүүгө чейин сакталчудай. Бирок, шайлоодон кийинки тагдыры кандай болору азырынча бүдөмүк.

XS
SM
MD
LG